ТАТЫКТУУ БИЛИМ — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ!
- 22.09.2025
- 0
Мындан бир топ жыл мурун “Англис тили 7 айда” китебинин автору Ш.Назаралиев “Кут Билим” гезити менен биргеликте элет мектептеринде бир катар конкурстарды өткөргөн эле.
-Жөжөнү күздө сана, -дегендей ошол саамалыктын жыйынтыгында бир катар окуучулар эл аралык окуу жайларда окуп да, иштеп да жатышат. Анын негизинде алыскы Ала-Бука районунун окуучусу Муминжонов Шохжахон да англис тили боюнча Кембридж эл аралык экзаменин ийгиликтүү тапшырып, дүйнө жүзү боюнча 20 миңден ашуун жогорку окуу жайлар, мекеме ишканалар тааныган, эл аралык, Евростандарттын талаптарына жооп берген А2 сертификатты алууга жетишкен. Учурда ал Словакия техникалык университетинде окуп жатат, -дейт аталган китептин автору Ш.Назаралиев.
Баласынын бул ийгилигине кубанган анын ата-энеси, Рустамовдордун үй-бүлөсү аталган китептин авторуна, “Кут Билим” гезитинин эмгек жамаатына чын дилден чыккан терең ыраазычылыгын жолдошкон. “Билим багытында жасалган ар бир кадам, өзгөчө жаштардын жетишкендиги коомубуз үчүн чоң сыймык. Ата-эне катары уулубуздун бул ийгилигине сыймыктанабыз жана бардык жаштарга кайрылып, аларды алдыңкы билим алууга үндөйбүз. Шохжахондун ийгилиги-катуу аракеттенген окуучу, студент колунан келчү иш экенин далилдеди. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, буга кошумча ,,Англис тили 7 айда» китебинин негизинде, бир топ 5-7-класстардын окуучулары онлайн курска катышып, Евростандарттын талаптарына жооп берген күбөлүктөргө ээ болушту.
Биздин байкаганыбыз, окуу учурунда алар жоопкерчиликке, чынчыл болууга, убакытты туура пайдаланууга,берилген тапшырмаларды так жана убагында аткарууну үйрөндү. Ар бир сабак кызыктуу, түшүнүктүү жана пайдалуу болду. Сиздер тилди гана үйрөтпөстөн, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, окуучулардын өз күчүнө ишенүүгө үйрөттүңүздөр. Ошондуктан, учурдан пайдаланып англис тилин үйрөнүүдө жаңы методиканы сунуштаган Шайлообек агайга жана “Кут-Билим” гезитинин редакциясына чоң ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгек жана айыл окуучуларына болгон мамиле биз үчүн абдан баалуу. Англис тилин үйрөтүүдөгү айылдык окуучуларга болгон сабырдуу, жеткиликтүү мамилеңиздер аларга чоң жардам берип, шыктандырды. Көрсө, айылда туруп деле, өнүккөн өлкөлөрдүн окуучуларындай эле алдыңкы чекти багындарса болот экен. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге чоң ийгиликтерди каалайбыз! -деп жазылган ыраазычылык катында.
Билим бийиктигине, атаандаштыкка туруштук бере алган кесипке умтулган Муминжонов Шохжахонго о.э. кыргыздын Шохжахондой мыкты уулдарына ак жол каалап кетмекчибиз.
М.КАЙЫПОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер