ЫСЫК ТАМАК — ЖАНГА КУБАТ

  • 15.03.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын жардамы жана Россиянын каржылык колдоосу менен Мектептердеги тамак-аш программасын оптимизациялоонун 2-этабын баштады. Программанын алкагында алдыдагы беш жылда айыл жериндеги 500дөн ашуун мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушат.

ЫСЫК ТАМАК - ЖАНГА КУБАТ

Программанын экинчи этабы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутко, БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын мамлекеттик директору Андреа Баньоли жана Тармактык тамактандыруу институтунун өкүлү Юлия Калиниченконун катышуусу менен 12-мартта Новопокровка айылындагы №1 мектепте старт алды. Бул этап 2020-жылга чейин уланып, 500 мектепке тамак-ашты жакшыртуунун жаңы моделдери киргизилет. Бул мектептердин 350 жаңы жабдуулар менен камсыздалса, жүз элүүсү техникалык жактан камсыз болот. Ал үчүн Россия 10 миллион доллар бөлүп берди.

  • Туруктуу өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен мектептердеги шашке тамакты жакшыртуу үчүн 2013-жылдан бери алгылыктуу иштерди жасап келе жатабыз. Программанын биринчи этабында үч жүздөн ашуун мектеп заманбап жабдуулар менен камсыздалып, бир миңден ашууну тамак-аш боюнча жаңы моделдерди киргизип, учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Балдардын шашке тамагы үчүн мамлекеттик бюджеттен дагы жыл сайын беш жүз миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Өкмөт мектеп ашпозчуларынын штатын дагы бөлүп берди. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Себеби балдардын ден соолугунун чың болушу мамлекеттин келечеги менен байланыштуу, — дейт министр Г.Кудайбердиева.

ЫСЫК ТАМАК - ЖАНГА КУБАТ

Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын ири донору болуп саналат. Бул программанын долбоорлорун  колдоо үчүн 60 миллион доллардан ашуун каражат бөлүп берген. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутко иш-чарада Орусия мындан ары дагы кызматташтыкты уланта берерин жана Кыргызстандын билим берүү тармагын чыңдоо үчүн колдоосун токтотпой тургандыгын баса белгиледи.

БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын мамлекеттик директору Андреа Баньоли болсо төрт жыл мурун алдыга коюлган максаттардын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин айтып, алдыда дагы бир топ иштер жасала тургандыгына токтолду: — Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын каржылык колдоосунун астында биринчи фазаны кое берип жатканда мектептердеги берилип жаткан  таттуу токоч менен бир стакан чайды ысык тамакка алмаштыра алабызбы деп ойлогонбуз. Чындыгында окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу бир табак шорпо же бир табак ботко жасап берүү менен чектелбейт экен. Анын артында чоң эмгек жатыптыр. Мисалы, ашканаларды ремонттоо, суу киргизүү, жаңы ашкана эмеректери менен жабдуу, мектеп ашпозчуларын окутуу, көмөкчү чарбаларды уюштуруу, гигиеналык-санитардык талаптарды аткаруу сыяктуу бир топ иштерди жасадык. Тармактык тамактандыруу институту менен биргеликте тамактардын тизмегин түзгөндү үйрөндүк. Эми экинчи фазада болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбастан биргелешип иш алып барышыбыз керек.

 

Новопокровка айылындагы №1 мектеп бул программага өткөн жылдын сентябрь айында кошулган. Учурда төрт жүздөн ашуун окуучу күнүгө бир маал ысык тамак менен кошо таттуу токоч, чай, сүт же компот ичет. Тармактык тамактандыруу институту менен биргеликте атайын менью түзүлгөн. Мисалы, жуманын биринчи күнүндө горох менен, экинчи күнүндө кесме менен, үчүнчү күнүндө сүт менен суюк тамак берилсе, төртүнчү күнү балдар ботко ичишет. Бешинчи күнү болсо эт менен плов басып беришет.

  • Бул менью жума сайын алмашып турат. Бирок ысык тамак үзгүлтүксүз берилет. Учурда мектепте шашке тамакты жакшыртуу үчүн алгылыктуу иштер жасалып жатат. Бир балага күнүнө он сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат экен. Анын жети сомун мамлекеттен алсак, үч сомун ата-энелер, демөөрчүлөр берип жатышат. Ун менен ашкана жабдыктарын программа аркылуу алдык. Буюрса, жазында көмөкчү чарбабызды ишке киргизип, зарыл болгон жер-жемиштерди өзүбүз өстүрөлүк деп жатабыз. Мектептин өзүнүн бакчасы дагы бар. Буга чейин ошол бакчанын мөмөлөрүнөн окуучуларга компот жасап берчүбүз, — дейт мектеп жетекчиси Мамбеталиева Чынара.

 

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер