ТАШТАН ЭРМАТОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМДИН БУЛАГЫ!
- 20.06.2025
- 0
Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту (БМПИ) – бул таланттуу жана жаңычыл усул-ыкмаларга бай педагогдордун, билими, тажрыйбасы жана чыгармачылыгы айкалышкан гармониялуу окуу жайы.
Институтта ар бир студент өзүн өнүктүрүү үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү жана окутууда жеке мамилени сезүү менен өзүнүн ийгиликке жетүүдөгү уникалдуу жолун таба алат.
Институт 1966-жылдан бери агартуу тармагына жаш адистерди даярдоодо (2024-жылдын июнь айында институт статусуна ээ болгон) алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.
Институт эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча бир катар өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен, мисалга алсак, Максим Танк атындагы Беларусь жана Азербайджан мамлекеттик педагогикалык, Ташкенттеги Пучон, Башкириянын Акмулла атындагы мамлекеттик педагогикалык жана Түштүк Кореянын Кендон,
Ш.Муртаза атындагы Эл аралык Тараз университеттери жана Тараз инновациялык көп тармактуу колледжи, Чыгыш Казакстан Абай атындагы гуманитардык жана “Орда” жогорку колледжи (Казакстан), ошондой эле Улуу Британиянын Норвич тил институту сындуу жана башка бир катар окуу жайлары менен келишимдери бар. Ушунун алкагында студенттер жана мугалимдер мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашууда.
Институттун жалпы жамааты билим берүүдөгү маселелер боюнча окуу жайларында өткөрүлгөн иш-чараларга, алсак, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, Ж.Баласагын атындагы КУУда, И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда, Казакстандын Ш.Муртаза атындагы Эл аралык Тараз, Россиядагы Г.В.Плеханов атындагы экономикалык университеттеринде өткөрүлгөн тегерек стол, илимий-практикалык конференцияларга атайын баяндамалар менен катышышты.
Институтта окуу жайлар ортосунда кызматташуунун дагы бир түрү конок-лекциялар, жолугушуулар, студенттер жана окутуучуларга мастер-класс, тренинг ж.б. иш-чаралар да өткөрүлүп турат. Окуу жылынын ичинде Кыргыз Республикасындагы Россотрудничествонун колдоосу менен Россиянын Эл аралык мектепке чейинки билим берүү педагогикалык академиясы (МПАДО), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Театралдык искусство бөлүмү, Башкириянын Акмулла атындагы педагогикалык университети, Кытай университети жана Хэбэй аялдардын кесиптик-техникалык колледжи, Кытайдын Хэнань провинциясындагы колледждин окутуучулары тарабынан өткөрүлгөн тренинг, жолугушуулар студенттердин, окутуучулардын чыгармачылык жана кесиптик өсүүсүнө чоң салым кошот.
Академиялык мобилдүүлүк боюнча да иштер жакшы жолго коюлган. Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык колледжинин, ОшМУнун чет тили адистигинин студенттери институтка келип билим алышса, институттун студенттери
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл жана Нарын мамлекеттик университетинин колледжинен окуп келишти.
Институтта электрондук окутуу ишке ашырылган жана ebilim системасы активдүү колдонулат. Сырттан окуган студенттердин билим алуусуна да шарттар түзүлгөн. Сессия маалында сырттан окуган студенттердин сабактарга үзгүлтүксүз катышуусу үчүн окуу жайдын имаратында балдар бөлмөсү ачылган. Жаш бөбөктөрдү мектепке чейинки билим берүү адистиги боюнча күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер кабыл алышып, карап турушат. Бул алардын алган теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууда эң жакшы натыйжа берет. Институттун бүтүрүүчүлөрү практикасын бала бакчаларда, мектептерде өткөрүшөт жана жумуш орундары менен камсыз болушат.
Окуу жайында студенттердин терең билим, татыктуу тарбия алуусуна мыкты шарттар түзүлгөн. Илим жаатында окуу жайларында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияларга катышуу, борбордук китепкана, музей, театрларга кызыктуу саякаттар, китеп окуу, көркөм окуу жана белгилүү темада эссе, дилбаяндарды жазуу боюнча конкурстар, радиотелеге жана социалдык тармактарда жарыяланган конкурстарга катышууга мүмкүнчүлүктөр ачылган. Эң мыкты аткарылган иштердин ээси болгон таланттуу студенттер баалуу сыйлыктарга ээ болушат. Ошондой эле институтта маданий иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп, жалпы жамаатка жана студенттерге унутулгус маанай тартуулайт.
Кымбаттуу абитуриенттер!
Замандын талабына жараша терең билим, татыктуу тарбия алуу жана кесипти туура тандоо Сиздин чечимиңизге, кадамыңызга байланыштуу болот. Анда эмесе, тамыры терең, тарыхы кенен, заман менен тең жарышкан биздин институтка кош келиңиздер!
ДАЯРДАЛУУЧУ АДИСТИКТЕР
Орто кесиптик билим берүү
- 050704 — Мектепке чейинки балдардын тарбиячысы
(күндүзгү/сырттан окуу)
Окутуунун формасы: бюджет, контракт
Окуу мөөнөтү: 9-кл. — 2 жыл 10 ай; 11-кл. — 1 жыл 10 ай
Сырттан окуу мөөнөтү: 11-кл. — 2 жыл 6 ай
Квалификациясы: Мектепке чейинки балдардын тарбиячысы
- 050709 — Башталгыч класстардын мугалими
(күндүзгү/сырттан окуу)
Окутуунун формасы: бюджет, контракт
Окуу мөөнөтү: 9-кл. — 2 жыл 10 ай; 11-кл. — 1 жыл 10 ай
Сырттан окуу мөөнөтү: 11-кл. — 1 жыл 10 ай
Квалификациясы: Башталгыч класстардын мугалими
- 050601 — Музыкалык билим берүү
(күндүзгү)
Окутуунун формасы: бюджет, контракт
Окуу мөөнөтү: 9-кл. — 3 жыл 10 ай; 11-кл. 2 жыл 10 ай
Квалификациясы: Музыка мугалими, музыка жетекчиси
- 050303 — Чет тили мугалими (күндүзгү)
Окутуунун формасы: контракт
Окуу мөөнөтү: 9-кл. — 2 жыл 10 ай; 11-кл. — 1 жыл 10 ай
Квалификациясы: Чет тили мугалими
- 050721 — Дене тарбия мугалими
(күндүзгү/сырттан окуу)
Окутуунун формасы: контракт
Окуу мөөнөтү: 9-кл. — 2 жыл 10 ай; 11-кл. — 1 жыл 10 ай
Сырттан окуу мөөнөтү: 11-кл. — 2 ж. 6 ай
Квалификациясы: Дене тарбия мугалими
- Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо (ПОВТАС)
(күндүзгү)
Окутуунун формасы: бюджет, контракт
Окуу мөөнөтү: 9-кл. — 2 жыл 10 ай; 11-кл. — 1 жыл 10 ай
Квалификациясы: Техник-программист
БАКАЛАВР
- 550700 — Педагогика
Мектепке чейинки билим берүү
Башталгыч класстарда окутуу
- 550300 — Филологиялык билим берүү
Чет тили
Кыргыз тили жана адабияты
Комментарийлер