ТАШКЕНТ МААЛЫМАТТЫК-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИНСТИТУНУН ӨКҮЛДӨРҮ ОШТУДА

  • 05.12.2022
  • 0

Аталган институттун Фергана филиалынын илимий иштер боюнча проректору доцент, Бахтиер Полвонов баштаган бир топ өкүлдөр университеттин жетекчилиги менен жолукту.

ТАШКЕНТ МААЛЫМАТТЫК-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ИНСТИТУНУН ӨКҮЛДӨРҮ ОШТУДА

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында, эки окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, конок лекцияларды онлайн жана офлайн өткөрүү, илимий иштер боюнча конференцияларды уюштуруу, эл аралык илимий долбоорлорду аткаруу жана биргелешип диссертациялык кеңешти түзүү боюнча маселелер козголду. Мындан ары эки окуу жайдын ортосунда ар тараптуу кызматташуу үчүн келишимдерди түзүү демилгеленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер