ТАШ-КӨМҮРДӨГҮ №1 «МИШУТКА» БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖАҢЫ, ЗАМАНБАП ИМАРАТКА МУКТАЖ

  • 12.08.2026
  • 0

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №1 «Мишутка» балдар бакчасы бүгүнкү күндө заманбап стандарттарга жооп берген жаңы имаратка абдан муктаж болууда. Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин абалы менен Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева шаарга болгон иш сапарынын алкагында жеринен таанышып чыкты.ТАШ-КӨМҮРДӨГҮ №1 «МИШУТКА» БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖАҢЫ, ЗАМАНБАП ИМАРАТКА МУКТАЖБул билим берүү мекемеси узак тарыхка ээ. Анын негизги корпусу мындан туура 80 жылдан ашуун убакыт мурда, б.а. 1940-жылдары 6 тайпага ылайыкталып салынып, пайдаланууга берилген. Кезинде балдарды тарбиялоодо маанилүү орунду ээлеген бул мекемеге кийинчерээк, 1955–1956-жылдары кошумча эки тайпалык имарат курулган. Бирок арадан ондогон жылдар өтүп, курулуштун эскилиги жетип, заман талабына жооп бербей калган.

Бүгүнкү күндө имараттын эскилигине карабастан, №1 «Мишутка» балдар бакчасында 157 бала тарбияланып жатат. Тарбиячылар жана ата-энелер балдардын коопсуздугу, саламаттыгы жана сапаттуу билим-тарбия алуусу үчүн заманбап шарттары бар жаңы имарат куруу зарылдыгын белгилешүүдө.ТАШ-КӨМҮРДӨГҮ №1 «МИШУТКА» БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖАҢЫ, ЗАМАНБАП ИМАРАТКА МУКТАЖЭл өкүлү Гүлшаркан Култаева балдар бакчасынын учурдагы абалын көрүп чыккандан кийин, бөбөктөрдүн келечеги жана алардын тийиштүү шартта тарбиялануусу башкы орунда болушу керектигин баса белгиледи. Депутат аталган курч маселени тийиштүү мамлекеттик органдарга, министрликтерге жеткирип, жаңы имараттын курулушу жакынкы арада оң чечилиши үчүн жигердүү аракет кыларын билдирди.

А.К., «КБ

Бөлүшүү

Комментарийлер