ТАРЫХЫЙ ЖЕҢИШ: КЫРГЫЗ ФИЗИКТЕРИ КОЛУМБИЯДА РЕКОРД КОЙДУ!
- 13.07.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү тарыхында жаңы барак ачылды. Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн физика боюнча 56-эл аралык олимпиадада (IPhO 2026) биздин мектеп окуучулары болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Бул жөн гана кезектеги жеңиш эмес, бул — улуттук курама команданын бүтүндөй тарыхындагы эң мыкты, рекорддук көрсөткүч!

Олимпиадага өлкө намысын коргоп барган беш окуучунун бешөө тең куру кол кайткан жок. Алардын ичинен төртөө медаль тагынса, бирөө ардак грамотага татыутуу болду.
Эң башкы сенсация — Темирхан Салиевдин канжыгасына байланган күмүш медаль болду. Бул Кыргызстан үчүн акыркы 19 жылдан берки алгачкы күмүш байге! Мындан туура 19 жыл мурун, тагыраагы 2007-жылы Максим Степаненко өлкөгө күмүш медаль алып келген болчу. Темирхан өлкө тарыхындагы үчүнчү күмүш медалдын ээси болуп калды.
Бир эле олимпиадада 4 медаль алуу — Кыргызстандын абсолюттук рекорду. Буга чейин биздин курама бир олимпиадада эч качан экиден ашык медаль ала алган эмес.
Жеңүүчүлөрдүн жана алардын устаттарынын тизмеси:

Курама команданын жетекчилери:
- Жетекчи: Чынтемир Сабыров
- Жетекчинин орун басары: Андрей Сидоренко
Бул жеңиштин канчалык зор мааниге ээ экенин статистикадан көрүүгө болот. Колумбияга чейин Кыргызстандын эсебинде жалпы тарых боюнча 2 күмүш, 14 коло жана 26 ардак грамота бар болчу. Эми бул көрсөткүч төмөнкүдөй өзгөрдү:
- 3 күмүш медаль
- 17 коло медаль
- 27 ардак грамота
Ошондо, Букараманга шаарында ушул курам алган 4 медаль — Кыргызстандын IPhO олимпиадаларындагы бүткүл медаль тарыхынын 20 пайызын (б.а. бештен бирин) түзөт! Бул өтө мыкты көрсөткүч.
Акыркы үч жылдын динамикасын карасак, физика багытында өлкөдө чоң секирик болуп жатканын байкайбыз. Бул кокустук эмес, системдүү эмгектин натыйжасы:
- IPhO 2024: 1 медаль
- IPhO 2025: 2 медаль
- IPhO 2026: 4 медаль
Бул тарыхый ийгилик — көп баскычтуу улуттук тандоонун жана окуучуларды теориялык, эксперименталдык физика боюнча системдүү даярдоонун жемиши. Ар бир ийгиликтин артында окуучулардын өжөр эмгеги, машыктыруучулардын жеке салымы, ата-энелердин колдоосу жана мектептердин көмөгү турат.
19 жылдан кийинки алгачкы күмүш, рекорддук 4 медаль жана бүткүл команданын сыйлык менен кайткандыгы Кыргызстанда олимпиадалык физика таптакыр жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкканын далилдеди. Азаматсыңар, жаш генийлер! Силер менен бүтүндөй өлкө сыймыктанат!
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”





Комментарийлер