ТАРЫХТЫ ЖАРАТКАН ИНСАН

  • 23.12.2021
  • 0

Эл мугалими, академик Аманбек  ЖАЙНАКОВДУН  80 жылдыгына арналган жолугушуу кечесинде “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы  агайга “Улут даанышманы” ардактуу наамды ыйгарды. Иш-чараны  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен биргеликте окуу жайдын педагогикалык факультети, “Кыргызстан педагогдор” коому жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы  өткөрдү.

«МУГАЛИМ — БУЛ КЕСИПТЕРДИН ТӨРӨСҮ, МУГАЛИМ — БУЛ КЕСИПТЕРДИН СЕРЕСИ»

Педагогикалык факультеттин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу кечесинде А. Жайнаковдун өмүр жолу жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле болочок мугалимдер Майсалбек кызы Ороскүл — “Аманбек Жайнаков — Кыргызстандагы санариптештирүүнүн негиздөөчүсү”;  Толубаева Айдай — “Доордон ат чабым алдыга кеткен адам”; Кеңешова Амангул — Ак бата тийген окумуштуу Аманбек Жайнаков; Аманкулова Мээрим — “Илимге аскадай арка, тоодой медер болгон академик” деген кызыктуу  баяндамаларды Эл мугалими жөнүндө жарыяланган эмгектердин негизинде жасашты.  Андан соң мугалим жөнүндө ырлар окулуп, Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын музыкалык куттуктоосу менен коштолду.

Окурмандардын эсине сала кетсек, ЖАЙНАКОВ АМАНБЕК ЖАЙНАКОВИЧ — илим менен тарбияны, илим менен практиканы чебердик менен айкалыштыра билген, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, академик, өз өмүрүн Ата-Журттун өсүп-өнүгүшүнө, илимге, билим берүү тармагына арнаган залкар инсан – физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, «Айкөл Манас – Жылдын Адамы» конкурсунун жеңүүчүсү, Эл аралык «Алтын фортуна академиясынын «Ар намыс Даңк эмгек» Георгий медалынын, Манас орденинин жана И.Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын ээси, бир катар эл аралык академиялардын Ардактуу академиги, көптөгөн ата мекендик жана чет элдик университеттердин Ардактуу профессору, бир нечелеген мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси, болуп саналат.

Аманбек Жайнаков — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү. Куттуу окуу жайда окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын орун басары, кафедра башчысы кызматтарын аркалаган. Учурда университеттин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү. 1991-жылдан тартып “Кыргызстан физиктер коомунун” төрагасы.

— Улут даанышманына 2011-жылы ЭЛ БААТЫРЫ жана ЭЛ МУГАЛИМИ деген эки  наам сунушталганда,  ал «ЭЛ МУГАЛИМИ » наамын бийик көрүп, тандаган экен. Мына  ушундай чыныгы кесипке болгон сүйүүсү, адамдык бийиктиги, кылган иши менен айткан сөзү айкалышкан, жөнөкөйлүктү туу туткан асыл инсандын элине кылган кызматы, келечектин татыктуу ээлерин даярдоодо кошуп жаткан нар көтөргүс салымы жалпыбызга чоӊ үлгү. Эгерде «Алиппенин» автору Ишеналы Арабаев болсо, ал эми Кыргыз билим берүүсүн санариптештирүүнүн автору мына ушул Аманбек Жайнаков агайыбыз экендигин ар бир кыргыз атуулунун билип коюусу оң. Демек ал тарыхты жараткан инсан.

Эл кадырлаган ЭЛ МУГАЛИМИН 80 жаш кутман курагы менен жалпы мугалимдер журтчулугунун атынан куттуктайбыз! УЛУУ УСТАТКА бекем ден соолук, узак өмүр, чыгармачылык эргүү, бактылуу карылык каалайбыз! Бар болуңуз, ак эмгеги менен таанылган, кыргыз илимине жана билим берүүсүнө опол тоодой салым кошкон, ЭЛДИК БААТЫР! – дейт  КУУнун педагогикалык факультетинин деканы Рахат Сулайманова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер