ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ: «БАБАЛАР ЖОЛУ» КИТЕП КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ
- 04.11.2026
- 0
3-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов залында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Бабалар жолу» аталышындагы эскерүү иш-чарасы жана тематикалык китеп көргөзмөсү өттү. 
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, Кыргыз Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев, «Бабалар жолу» коомдук кыймылынын төрагасы Таштан Мамбеталиев, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, ошондой эле көрүнүктүү тарыхчылар, окумуштуулар жана коомчулук өкүлдөрү катышты. 
Жыйындын жүрүшүндө тарыхый инсандардын өмүр жолу, эл-жер үчүн жасаган эрдиктери тууралуу баяндамалар жасалды. Бул демилге Өлкө башчысынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын максаттарына шайкеш келип, улуттук эс тутумду сактоого багытталганы белгиленди. Жыйында XVII–XVIII кылымдарда тышкы баскынчыларга каршы күрөшкөн Эр Солтоной, Кубат бий, Бердике берен, Атаке баатыр, Хан Садыр, Жайыл баатыр, Бирназар бий, Маматкул бий, Момокон баатыр жана башка тарыхый инсандардын элесине таазим этилди. 
Иш-чаранын жыйынтыгында жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, тарыхый инсандарга мемориалдык комплекстерди куруу боюнча сунуштарды киргизүү жана «Бабалар жолу» эскерүү аземин жыл сайын Улуттук китепканада өткөрүп турууну камтыган атайын резолюция кабыл алынды.