ТАРЫХ МУЗЕЙИ НОЯБРЬ АЙЫНДА АЧЫЛАТ

  • 17.09.2021
  • 0

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинин ачылышы 2021-жылдын ноябрь айынын аягына пландалып жатат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Салтанат Аманова маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, тарыхый музейин ачуу маселеси боюнча IT-технологиялар, экспозиция жана көргөзмө ишмердүүлүгү боюнча немис адистери чакырылган. Учурда алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, тарых музейи 2016-жылдын март айынан бери жабык турат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер