«Кыргыз тарыхы» көп томдугунун кезектеги томдору талкууланды
- 02.07.2026
- 0
2026-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Арслан Койчиевдин жетекчилиги алдында Комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын күн тартибине ылайык, кыргыз элинин байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын камтыган улуттук маанидеги ири долбоор – «Кыргыз тарыхы» аттуу 16 томдук фундаменталдуу академиялык басылманын 8-9-жана 10-томдорунун түзүмдөрү жана концептуалдык мазмуну кызуу каралды. Кезектеги отурумдун жүрүшүндө аталган томдордун жооптуу редакторлору өздөрү жетектеген бөлүмдөрдүн түзүмдөрү менен концепцияларын кеңири тааныштырып, ар бир томдун илимий мазмуну, камтылуучу тарыхый мезгилдери, негизги багыттары жана колдонулуучу булактары боюнча толук маалымат беришти. Комиссиянын мүчөлөрү сунушталган материалдардын негизинде кыргыз элинин тарыхын илимий негизде мезгилдештирүү маселелерин, айрым темалардын мазмундук камтылышын кеңейтүү, бөлүмдөрдүн түзүмүн өркүндөтүү, жаңы архивдик, археологиялык жана жазма булактарды кеңири пайдалануу боюнча маанилүү пикирлерин ортого салышты. Ошондой эле көп томдуктун бардык бөлүктөрүнүн ортосундагы концептуалдык жана логикалык биримдикти камсыз кылуу маселелери кеңири талкууланды.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бул фундаменталдуу көп томдукту даярдоо мамлекеттик маанидеги стратегиялык илимий долбоор экенин өзгөчө белгилеп, ага Өлкө башчысы тарабынан тиешелүү суммадагы каражат бөлүнгөнүн баса көрсөттү. Ошону менен бирге Мамлекеттик катчы келечек муунга калчу бул баалуу эмгектин мазмуну илимий тактыкка, тарыхый объективдүүлүккө жана академиялык сапаттын эң жогорку талаптарына жооп берүүгө тийиш экенине өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, бул зор эмгек кыргыз элинин тарыхын жаңы илимий деңгээлде системалаштырууга, улуттук тарых илимин жаңы баскычка көтөрүүгө жана тарыхый мурастын келечек муундарга так, бурмаланбай толук жетишине кызмат кылат. Жыйындын акырында Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган баалуу сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен, 8-9-жана 10-томдордун түзүмдөрүн жана концептуалдык мазмунун андан ары өркүндөтүү боюнча жооптуу адистерге тиешелүү тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен даярдалып жаткан «Кыргыз тарыхы» 16 томдугу заманбап илимий талаптардын негизинде комплекстүү, объективдүү жана системалуу чагылдырылган өлкөбүздүн башкы академиялык эмгеги болуп калмакчы.
Кенжебек кызы Асел, «Кут билим»
Комментарийлер