ТАРБИЯГА АРНАЛГАН СЕМИНАР
- 10.02.2024
- 0
Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы Х.Боронбаев атындагы орто мектепте «Билимдүү ата-эненин артында улуу тарбия турат» аттуу семинар болуп өттү.
«Ата-энелер мектеби» долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарага мектеп директорлорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары жана айылдык ата-энелер катышты.
Замира Атамкулова, Гүлсана Латипова, Арзыкан Ажибаева жана Гүлнара Абдиллаева өңдүү класс жетекчилер тарбиялык ачык сабактарды өтүштү.
Апалар башталгыч класстарда окушкан уул-кыздары менен биргеликте «Апам жана мен» деген аталыштагы спорттук мелдештин ажарын ачышты.
Семинар ата-энелер менен мектептин кызматташуусун, тарбия баалуулуктарын даңазалады.
Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району
Бөлүшүү
Комментарийлер