“ТАРБИЯДА ТАНАПИС ЖОК”

  • 21.10.2020
  • 0

Учурда тарбиянын, жаштарды тарбиялоонун абалы Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнө боюнча көйгөйлүү  маселелердин бири деп айтсак болот. Тарбия маселесине мамлекет тарабынан да, коомчулук тарабынан да олуттуу көңүл буруу – мезгил талабы. Дал ушул өңүттү эске алып, Кыргыз билим берүү академиясы  Марал радиосу жана 24 Тв каналы менен биргеликте “Тарбияда танапис жок” деген аталыштагы көрсөтүүсүн эфирге алып чыкты.

Көрсөтүүнүн негизги максаты – тарбия маселесине калктын көңүлүн буруп, ага жалпы коомчулукту тартуу. Улуу муундан бери уланып келе жаткан урпактар тарбиясын эске алып, улуттук баалуулуктардын, үй-бүлөдөгү тарбиянын негизинде балдарды тарбиялоо, энелердин кыздарга берген тарбиясы ж.б. темалар дал ушул берүүдө чагылдырылат. Бүгүнкү күндөгү тарбиянын абалы кандай, балдарды тарбиялоодо эмнени эске алышыбыз керек деген суроолорго бирге жооп издейли.  Жалпы коомчулукту түйшөлткөн тарбия маселесин чогуу талкуулап, тарбиялоо жаатына бирге салым кошолу.

Көрсөтүүгө окумуштуулар, практик мугалимдер, ата-энелер катышат.

“Тарбияда танапис жок” көрсөтүүсү шаршемби күндөрү саат 14:00до бир сааттан эфирден көрсөтүлөт.   

Мансапова Г.М.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер