ТАРБИЯЧЫЛАР ТҮРКИЯДА

  • 19.02.2020
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 12 адиси Стамбул шаарында өтүп жаткан мектепке чейинки даярдоо боюнча квалификациясын жогорулатуу окутуусуна катышууда.

Окутуу 16-22-февраль күндөрү Стамбул шаарында Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин жана Түрк Дүйнөсү Мериялар Биримдигинин колдоосу менен «Эл аралык жергиликтүү башкарууну окутуу жана изилдөө борборунда» уюштурулган.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Түрк дүйнөсү шаарлар бирлигинин колдоосу менен өтүп жаткан бул окуулар “Жайлоо бала бакчалары-өнүгүү борборлору” долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрүн, педагогдорун Туркиянын билим берүү системасы менен таанышуу, айрыкча айыл жериндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу максатын көздөйт.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер