ТАРБИЯ – БИЛИМ БАШАТЫ

  • 02.11.2018
  • 0

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-окуу жылынын иш планынын негизинде 2018-жылдын 19-октябрында №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинде окуучулардын, жаш өспүрүмдөрдүн арасында ар кандай укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу максатында “Тарбия — билим башаты” деген темада тарбиялык иштердин уюштуруучуларына семинар өткөрүлдү.

ТАРБИЯ – БИЛИМ БАШАТЫ

ТАРБИЯ – БИЛИМ БАШАТЫ

Ноокен райКБКнын инспектору Тилек Бакировдун маалыматына таянсак,  семинарга 46 мектептин тарбиялык иштери боюнча уюштуруучулары, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору катышты. Окуучуларга “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”, “Менин айылым”, “Мен тоодо жана тоо арасында жашаймын”, “Менин Ала-Тоом”, “Ч. Айтматов — аалам адабиятынын арстаны”, “Жолдо жүрсөң сак бол!” деген темада ачык тарбиялык сааттар өткөрүлдү.

—   Укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу максатында даярдалган атайын слайддар, видеороликтер көрсөтүлүп, ар бир уюштуруучуга керектүү усулдук колдонмолор менен бирге таркатылып берилди.

Ошондой эле Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы  тарабынан бекитилген атайын графиктин негизинде райондун бардык мектептеринде “Биз мектеп рэкетине каршыбыз!”, “Кылмыштуулуктун  түбү аттиң!” деген темада жогорку класстын окуучуларына дебаттык иш-чаралар, ачык сабактар өткөрүлдү, — дейт Т.Бакиров.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер