ТАПКАН АР БИР СОМУБУЗ ЭКОНОМИКАБЫЗ ҮЧҮН МАКСИМАЛДУУ ТҮРДӨ НАТЫЙЖАЛУУ ПАЙДАЛАНЫШЫ КЕРЕК

  • 17.04.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчынын айтымында, аргасыз чектөөлөрдү киргизүүнүн натыйжасында  жарандар чоң кыйынчылыктарга туш болушту: чакан жана орто бизнес опурталдуу жоготууларды тартып, бюджетке миллиарддаган сом түшпөй калат.

«Бирок, тилекке каршы, убактылуу обочолонуу режими гана карантинди мүмкүн болушунча тезинен жеңилдетип жана өлкөдө экономикалык активдүүлүктү жандандырат, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. — Өкмөт учурда ишкерликти жөнгө салуу иштерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча чаралардын топтомун даярдап жатат. Бизнести колдоого жана экономиканы өнүктүрүүгө багыттала турган салмактуу ресурстар табылды. Мамлекеттик бюджеттин артыкчылыктуу эмес чыгымдары кризисти жеңүү шарттарында гана кыскартылбастан, негизинен эле кайра каралат».

Премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Өкмөт мамлекетти чыңдоо жана жашоо сапатын жакшыртуу максатында парламент менен өз ара тыгыз иштешүү аркылуу салык мыйзамдарындагы жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ачык кемчилдиктерди жоюушу керектигин белгиледи.

«Өлкө бул күндөрү бардык ички жана тышкы булактарды күчтөндүрүүдө. Финансылык колдоо тартуу иштери Президент Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз жетекчилигинин алдында жүрүүдө жана олуттуу жыйынтыктарды берип жатат. Биз бул шашылыш чечимдер бизнести толук кандуу канааттандырбай турганын түшүнүү менен антикризистик планды даярдадык. Ишкерликти колдоо чараларынын кошумча топтому зарыл. Биз чакан жана орто бизнести экономикалык, финансылык колдоонун, финансы системасын жандандыруунун кыйла терең жана системалуу чараларын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Учурда ишканалардын ишин баскычтуу калыбына келтирүү графиги түзүлүүдө, бирок, албетте, эпидемиологиялык кырдаалга ылайык келтирилет. Ар бир өлкө вируска каршы күрөшүү жолун өзүнүн мүмкүндүктөрүнүн негизинде тандайт. Акыркы мезгилде, бир караганда негиздүү болгон, мүмкүндүктөрү жана топтолгон финансылык «коопсуздук жаздыкчасы» бар башка өлкөлөр жасап жаткан сыяктуу, мамлекет бардыгынын салыктарын жана кредиттерин кечиши керек деген талаптар айтылууда. Бирок биздин жүйөөлөрүбүз ачык жана так болушу керек: милдеттенмелерден толук бошотуу банк системасынын бузулушуна жана оор рецессияга алып келип, бюджеттин теңсиздигин пайда кылышы мүмкүн. Бул өз кезегинде айлык акыларды, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча мамлекеттин жарандардын алдындагы милдеттерин аткарууга коркунуч туудурат. Ошондуктан Өкмөт төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартып, экономикалык активдүүлүктү камсыздоо үчүн бизнести арзан жана узак мөөнөттүү кредиттик ресурстар менен камсыздоону биринчи кезектеги милдети катары көрөт. Тапкан ар бир сомубуз экономикабыз үчүн максималдуу түрдө натыйжалуу болушу керек», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгы боюнча коронавирус менен күрөшүү боюнча чараларга, калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер