ТАНДОО СЫНАГЫ: ДЫКАТ ДАЯРДЫК ЗАРЫЛ
- 20.10.2023
- 0
17-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тестирлөө жолу менен тандоо сынагы өттү.
Абдрасулова Керээз Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейде директордун орун басары болуп эмгектенет. Ал 17-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тестирлөө жолу менен тандоо сынагына катышып, өзү иштеген жердеги директорлук бош орунга ат салышты.
Тандоо сынагынан кийин биз талапкер менен сүйлөшө алдык.
— Сынакта биз төрт бөлүктөгү суроолорго жооп бердик. Өзүм тууралуу айтсам, мен башкаруу, педагогика жана психология жаатындагы суроолорго жооп берүүдө кыйналбадым. Анткени көп жыл директор орун басары болуп иштегем. Учурда жетекчилик орунга ат салышып жатам. Бул жолу босого баллдан өтпөй калдым. Кийинкиде мыйзамдарга байланышкан суроолорго тыкан даярдык көрүшүм керек экенин түшүндүм, — дейт Керээз Иманкуловна.
Дагы бир талапкер Мамырбеков Равшанбек сынакка Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районунан келген. Ал учурда Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясында тоо-кен тармагы бөлүмүн жетектейт.
— Мурда мектепте беш жыл география мугалими, үч жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин райондук билим берүү бөлүмүндө метод кабинеттин башчысы, акимиатта жетектөөчү адис болуп иштегем, — деди сынакта 100 суроодон 56 суроого жооп берген талапкер.
Түштөн кийин тест тапшыргандардын ичинен жалгыз Бекишов Урмат босого баллдан жогору балл алды. Тандоо сынагынын бул турунда ийгиликке жеткен талапкер Кара-Кол шаарындагы №14 кесиптик лицейде иштейт.
— Сынакка даярданууда Интернет булактарын кеңири пайдаландым. Мыйзамдарды, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамды, Эмгек кодексин кайрадан окуп чыктым. Сынак калыс өттү. Тесттин жүрүшүн бүт соцтармактардан көрүп турушту, — деди экинчи турда жылдызы жанган Урмат Муканович.
Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тестирлөө жолу менен тандоо сынагын уюштурууга жооптуу мекеме – Билим берүүнун сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар Улуттук борборунун адистери бул жолку сынак мектеп директорлорун тестирлөө аркылуу тандоо сынагынан башкача болгонун белгилешти.
— Мектеп директорлорун тандоодо суроолорго берилген туура жооптордун жалпы баллы эсептелсе, мында талапкерлер төрт багыттагы тест суроолорго жооп беришет. Кийинки аңгемелешүү туруна өтүү үчүн талапкер ар бир бөлүмдөн 70 упайдан жогору балл алууга тийиш. Үчөөсүнөн эң жогорку балл алган күндө да, бирөөсүнөн төмөн балл топтосо, кийинки турга өтпөйт, — деп жооп берди бул күнкү сынак тууралуу сурообузга Билим берүүнун сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар Улуттук борборунун педагогикалык кызматкерлерди тестирлөө бөлүмүнүн башчысы Рыскүл Маданбекова.
Мамлекететтик маанидеги бул өнөктүккө карата өз пикирин билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу да билдирди.
— Билим берүү жана илим министрлиги КР “Билим берүү жөнүндөгү Мыйзамын, Министрлер Кабинетинин №312 Токтомун сапаттуу ишке ашыруу боюнча бардык аракеттерин көрүп жатат. Жалпы 52 мекеменин директорлук кызматына конкурска 138 адам, алардын ичинен колледждерге 24 талапкер, кесиптик лицейлерге 114 талапкер катышты. Тесттин жыйынтыгында 5 талапкер же болбосо 3,6 пайыз гана босого баллдан өттү. Бул, албетте, абдан жаман жыйынтык. Талапкерлер конкурска жакшыраак даярданса болмок. Кесиптик лицей, колледждердин директорлорунун кызмат ордуна келүүчү адам мыйзамдык жактан абдан такшалган болушу кажет. Чукул арада кайрадан конкурс жарыяланып, документтер кабыл алына баштайт. Конкурска катышам деген талапкерлер тестке даярданууга олуттуу мамиле кылуусу абзел. Конкурстун тартиби, болжолдуу суроолор жөнүндө толук маалымат менен министрликтин сайтынан, фейсбуктагы официалдуу баракчадан таанышууга болот. Бул жолу босого баллдан өтпөй калган талапкерлер да кайрадан катыша алат, алардын укугун чектөө деген жок.
Маалымат үчүн
Тестирлөөгө жалпы жонунан 138 талапкер катышты, анын ичинен 24ү орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, 114ү кесиптик лицейлердин жетекчилик бош кызмат орундарына ат салышты. Тестирлөөгө катталган эки талапкер тестке катышкан жок. Жалпы талапкерлердин 3,6%ы босого баллдан жогору упай топтоду. Булардын арасынан экөөсү колледждердин жетекчилеринин ордуна талапкер болсо, үчөөсү – кесиптик лицейлердин жетекчилеринин ордун көздөгөндөр.Тестирлөөдөн төмөнкү талапкерлер: Чокоев Расул Искендерович, (Талас облусу, Талас шаары, №90 кесиптик лицейи), Бекишев Урмат Муканович, Ысык-Көл облусу, (Каракол шаары, К.Дюшеев атындагы №14 кесиптик лицейи), Мамытов Нурсултан Нуралиевич, (Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, №7 кесиптик лицейи), Асанбеков Токторбай Үсөнканович (Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль жол колледжи), Дөлөтов Майрамбек Маматжанович, (Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль жол колледжи) тандоо сынагынын кийинки аңгемелешүү этабына жолдомо алышты.
Комментарийлер