ТАМСИЛДЕР

  • 16.04.2020
  • 0

Сабактын максаты: 1. Тамсилдер жөнүндө окуучуларга кенен түшүнүк

берүү, окутуп, үйрөтүү.

2. Тамсилден улам сүйлөөдө дикцияларды туура коюуга көнүктүрүү.

3. Адабияттагы тамсил жанрын таанытуу жана жайылтуу.

Сабактын жабдылышы: Китептер, ноутбук жана сүрөттөр.

Сабактын журушу. 1. Саламдашуу.

2. Окуучуларды толуктоо.

3. Өтүлгөн теманы кайталоо.

4. Жаңы теманы түшүндүрүү.

ТАМСИЛДЕР

Тамсил жөнүндө түшүнүк берүү.

Тамсил – деген эмне? Тамсил — сатиралык мүнөздөгү, көбүнчө ыр түрүндө жазылган кыска баян. Тамсилдин башында же аягында акыл-насаат айтылат. Тамсилде адамдардын мүнөздөрү жаныбарларга салыштырылып берилгендиктен сатиралык мүнөздүү жанр болуп эсептелинет. Алгачкы жолу тамсил байыркы Грецияда пайда болуп, аны Эзоп аттуу тамсилчи жазып баштаган. Тамсил – заман агымы менен жүрүп олтуруп, өз маанисин ар кандай коомдук саясий түзүлүштөргө ылайык жаңыртып келе берчү жанр. Тамсилди жанр катары башкалардан айырмалап турчу негизги белгилери: турмушту аллегориялык түрдө чагылдыруу: Аллегориялык кейипкерлердин туруктуулугу (түлкү- митаам, кой – жоош, эшек – аңкоо, карышкыр – күчтүү, талоончул, коен – коркок, арстан – кайратуу, каардуу ж.б.у.с.) сүрөттөлгөн жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, буюмдардын каймана түрдө адамдардан билдирилиши, алардын өз маанилерине караганда адамдардын ролуна жакындыгы, эң негизгиси — адептүүлүккө баштоочу моралдын болушу. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынан тамсилдерди көп учуратууга болот. Улуттук адабиятыбызга тамсилди алгачкылардан болуп таанып, түшүнүп, жазган жана кыргыз адабиятында тамсил жанрынын негиздөөчүсү Тоголок Молдо. Тоголок Молдонун бир топ тамсилдери мектеп окуучуларына да окутуу үчүн сунуш киргизилген. Кийинчерээк Ж.Боконбаев, М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, М.Борбугулов, М.Турсуналиев, С.Кадыровдор да жазып үлгүрүшкөн.

Ал эми бүгүн биз улуу орус жазуучусу тамсилдери менен адабиятын гүлдөтүп келген И.А.Крыловдун тамсилдерине кобүрөөк токтолобуз, балдар.

Кана балдар, айткылачы, силер окуган тамсилдериңер эсиңерге келдиби?

Окуучулар ар кимиси эстеп билген тамсилдерин атап өтүшөт.

Анда балдар, бүгүн мен силерге Тоголок Молдонун «Каркыра менен түлкү» аттуу тамсилин окуп, анан баяндап берем.

ТАМСИЛДЕР

Каркыра менен Түлкү

Бир күнү Каркыра менен Түлкү кыйышпас дос болушат. Тамактарын бирге жеп, бирге ойноп күлүп, сырдаш болуп калышат. Күндөр өтүп, каркыра жумурткалайт. Каркыра тамак-аш таап келгени кетип, кайтып келгенде бекитип кеткен жумурткаларын таппай калат. Каркыра кайгырып, көзүнө жаш алып, Түлкү курбусуна келип.

— Түлкүүлкү менин жумурткаларымды көрбөдүңбү? — деп сурайт.

Түлкү эч камырабай, каркыра досун сооротуп.

Кой эми курбум ыйлаба, бул жумурткаларың жоголсо дагы жумурткалайсың, – деп жубатат. Каркыра көңүлү тынчыбай. Ары чуркап, бери чуркап жүрүп кошуналарынан аны Түлкү жеп койгонун угат. Каркыра ачууланып, ач көз, куу түлкүдөн өч алмакчы болот.

Күндөрдүн биринде Каркыра токой аралап баратып, дөңсөө жерде ойлонуп турган Түлкүгө кезигип калат.

— Эмне мынча ойлоносуң Түке?

— Асман кезип учканга кызыгып турам.

— Кел сага учканды үйрөтөм. Эки канатымдын ортосуна олтур, — деп Каркыра Түлкүнү эки канатынын ортосуна олтургузуп алып учуп жөнөйт. Бир кезде:

— Эми буттарынды каккылап, ылдый карай учуп түш, — деп Түлкүнү кое берет. Түлкү жерге кулап түшөт. Артынан Каркыра келип, жанына конуп.

— Учкан оңой эле бекен?

— Оңою оңой дечи. Конгонду үйрөнүү керек болуп турат, — деп Түлкү белинин ооруганын айтып онтолоп жиберет.

— Анда кайра үстүмө олтур, эми конгонду үйрөнөсүң, — деп Түлкүнүн ой-боюна койбой Каркыра үстүнө отургузуп алып, андан да бийикке учуп барып, Түлкүнү жерге таштап жиберет. Түлкү ташка түшүп, буту-колу сынып, аябай кордук көрөт. Ошондон кийин Түлкү бирөөгө жамандык кылса, албетте, өзүңө кайтаарын түшүнүп калыптыр.

Мына балдар көрдүнөрбү, тамсил мына ушундай кыскача, бирок тарбиялык мааниси өтө терең чыгарма болуп саналат. Айткылачы, Каркыранын кылган иши туурабы же Түлкүнүн кылган иши туурабы?

Достук мамилеге ким кыянаттык кылды?

Каркыра досу Түлкүнү кечирсе эмне болмок?

Түлкү кылган ишине өкүнүп калдыбы?

Балдар ар кимиси өз түшүнүктөрүн айтып, Каркыра менен Түлкүнүн образдарын талкуулашат.

Үйгө тапшырма:

Азаматсынар балдар, эми силерге мен тапшырма берем. И.А.Крыловдун «Арстан», «Эшек менен ит» аттуу тамсилдерин окуп, мага айтып бересиңер. Тамсил окуганда балдар, көркөм окуунун төрт эрежесин так аткарууга аракет кылабыз.

  1. Дикция

  2. Шар окуу

  3. Интонациялык тыныгуу

  4. Логикалык басым.

    Мына ушуларга көңүл буруп, так аткарып эртең окуп жөнөткүлө.

    Клара Арыкбаева, Жалал-Абад шаарыдагы «Ариет» балдар чыгармачылык борбору

Бөлүшүү

Комментарийлер