ТАМГАДАГЫ «ТЫНЧТЫК ТЕПКИЧТЕРИ»: «АКЫЛМАНДЫН» ОКУУЧУЛАРЫ ИЗИЛДЕГЕН АДАМГЕРЧИЛИК ТАРЫХЫ
- 14.07.2026
- 0
1946-жылы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тамга айылына 125 жапон жигити алып келинген. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштун туткундары эле. Бирок алардын тагдыры башка лагерлердегидей трагедия менен эмес, адамгерчиликтин жана достуктун жеңиши менен аяктаган. Бул өзгөчө тарыхты “Акылман” Президенттик лицейинин окуучулары жеринен изилдеп чыгышты. Сабакты кургак теория менен чектебей, класстан тышкары чыгып, практика менен изилдөөнү айкалыштырган “Акылмандын” мындай уникалдуу окутуу методу — өлкөбүздүн билим берүү тармагында кеңири жайылтып, колдонууга татыктуу өзгөчө артыкчылык болуп саналат.

“Акылмандын” изи менен: Тарыхты тирилтүү
“Акылман” Президенттик лицейинин “Каганат” тарых клубунун окуучулары акыркы убакта маанилүү бир нече изилдөө иштерин жүргүзүштү. Алардын ичинен кыргыз-жапон
тарыхый байланыштарын изилдөө — эл аралык деңгээлдеги кызматташтык аркылуу эки элдин достугун дагы да бекемдеген өзгөчө изилдөө иши болуп саналат. Бул чоң иштердин башаты лицейибизде өткөн маанилүү окуяга барып такалат. Окуу жылынын башында биздин лицейде “Кыргыз-Жапон” достук лагери уюштурулуп, ага Жапониядан бир нече жогорку деңгээлдеги делегаттар келген. Алардын катарында Жапония парламентинин экс-депутаты, билим берүү тармагындагы алдыңкы адистер жана Кори Неверс мектебиний директору өңдүү расмий өкүлдөр болду. Бул сапардын алкагында лицейибиз менен жапон тараптын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Ошол эле тапта, биздин изилдөө ишибиз дал ушул тарыхый көпүрөдөн башталып, тереңдей берди.
Буга чейин Тамга айылындагы жапон туткундары тууралуу документалдуу тасма тартылып, жапон элчилигинде көрсөтүлгөнүн, ошондой эле бул окуя тууралуу эл оозунда ар кандай кептер айтылып жүргөнүн билдик. Биздин негизги максатыбыз — ошол маалыматтардын чын-төгүнүн тактап, окуяга тарыхый көз караш менен терең баа берип, баарын жеринен көрүп-таанып келүү болду. Бул үчүн “Каганат” тарых клубунун мүчөлөрүнөн жана тарыхчы агайларыбыздан куралган атайын жумушчу топ түзүлүп, пландуу иш башталды.
Изилдөө сапарына аттанардан мурун биз ошол окуяны чагылдырган “600 күндүк үмүт” аттуу документалдуу кинону көрүп чыктык. Бул тасма Тамга айылынын тургундарынын, окуяга күбө болгондордун жакындарынын жана эң башкысы — ошол лагерде болгон 125 жапон туткунунун айрымдарынын жандуу маектеринин негизинде тартылган баалуу эмгек экен. Тасма аркылуу согуш мезгилиндеги ачарчылык менен жокчулукка карабай, адамгерчилик сапаттарын жоготпой, туткундарга жакындан жардам берген ата-бабаларыбыздын улуу мүнөзүнө, эки элдин менталитетиндеги сый-урмат сыяктуу окшоштуктарга дагы бир ирет ынандык.
Изилдөөнүн кийинки кадамы катары биз Жети-Өгүз райондук архив кызматына жана аскердик архив кызматтарына кайрылып, тиешелүү документтерди карап чыгууга уруксат сурадык. Тилекке каршы, бул тараптан изилдөөбүз таш каап, эч кандай жарактуу расмий документ таба алган жокпуз. Кийинчерээк белгилүү болгондой, кезинде жогорку кызматтагы адамдар да бул маселе боюнча архивдерди изилдеп, эч нерсе таба албай коюшкан экен. Кантсе да, бул архивдик издөө биз үчүн тарыхый булактардын абалын билүүдө маанилүү тажрыйба болду.
Тамгага саякат: Мифтердин чындыгы жана талаа изилдөөсү
Архивдеги чектөөлөрдөн соң, биз негизги басымды түз талаа изилдөөсүнө бурдук. Ошентип, көптөн күткөн сапарыбыз Жети-Өгүз районунун Тамга айылында уланды. Биздин негизги багытыбыз — айылдагы музейде сакталган буюмдарды, жапон туткундары тарабынан салынган тарыхый имараттарды, алар жазган каттарды изилдөө жана ошол окуяларга күбө болгондордун урпактарын таап, маектешүү эле.
Бизди учурда иштеп жаткан санаторийдин кызматкерлерли абдан жылуу тосуп алышты. Алардын айтымында, санаторийге келген коноктордун басымдуу бөлүгү дал ушул “Жапон бурчуна” өзгөчө кызыгуу көрсөтүшөт. Биз санаторийдин аймагын кыдырып, кезинде аскердик санаторий катары кызмат кылган тарыхый имараттарды жана көл жээгине түшүп кетүүчү атактуу тепкичтерди көрдүк. Бул жерде эл оозунда айтылып жүргөн “125 тепкич” деген түшүнүктүн чын-төгүнүн да текшердик. Көрсө, бул сан эл арасында ар бир аман калган жапон жоокеринин урматына айтылып калган өзгөчө бир тарыхый символ (миф) экен, анткени биз санап көргөндө тепкичтердин чыныгы саны андан көп болуп чыкты.
Мындан сырткары, имараттардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө суктанбай койбодук. Дубалдардын калыңдыгы, өзгөчө стилде жасалган бийик шыптар жапон куруучуларынын усталыгынан кабар берет. Тилекке каршы, кийинки реставрация иштеринин айынан шыптагы кээ бир баалуу оюу-чийүүлөр өчүп кеткен экен.
Бул сапарда музей кызматкери Алфия эжей бизге тарыхый экспонаттар тууралуу абдан кызыктуу маалыматтарды айтып берди. Ошондой эле, биз жергиликтүү калк арасында алдын ала даярдалган суроолордун (опросниктердин) негизинде атайын социологиялык сурамжылоо жүргүздүк. Натыйжада, Тамга элинин эс-тутумунда жапон туткундары абдан жакшы, жылуу элестер менен калганын аныктыдык. Жергиликтүү тургундар жапон жигиттеринин эмгекчилдигин, алардын орус жана кыргыз тилдериндеги айрым сөздөрдү үйрөнүп, элдин күнүмдүк жумуштарына жардам бергенин, ал эми жергиликтүү калк өз кезегинде колунда болгон азык-түлүгүн берип, аларды каралашып турганын терең ыраазычылык менен эскеришти.
600 күндүк ишеним: Мияно сан жана Такэучи сан
Изилдөө учурунда окуучулар 125 туткундун ичинен өзгөчө тагдыр ээлерин бөлүп көрсөтүштү. Алардын бири — Мияно Ясуси. Ал согуштан кийин аман-эсен мекенине кайтып, мугалимдик кесипти аркалаган. Кийинчерээк, өмүрүнүн акырында, 82 жашында өзү жаш кезинде туткунда болгон Тамга айылына атайын издеп келип, жергиликтүү эл менен кучакташып көрүшүп, ыраазычылыгын билдирип кеткен.
Жергиликтүү элдин меймандостугу: Ардагерлердин эскерүүсү
Биздин изилдөөнүн негизги маалымат берүүчүсү (информатору) жергиликтүү ардагер Камал Забиров болду. Анын атасы ошол жылдары лагердеги жапон туткундарын кайтарган жана алардын коопсуздугуна, тартибине жооптуу болгон аскер адамы эле. Ардагердин айтымында, жапондор жергиликтүү катаал шарттарга абдан тез көнүп, турмуш-тиричиликке аралашып, атүгүл кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөгөндү бир аз үйрөнүп алышкан. Кыргыз эли согуштун айынан өзү ачкачылыкта, жупуну турмушта жашап жатканына карабай, туткундарды “душман” катары көрбөстөн, “кайсы бир эненин алыста жүргөн баласы” катары кабыл алышкан. Аларга бээнин сүтүн, айранын, колго жапкан нанын берип, алсырап калган ден соолуктарын чыңдоого көмөктөшкөн. Бул улуу адамгерчиликтин натыйжасында Тамгадагы 125 туткундун бирөөсү да каза болбой, баары аман-эсен мекенине кайткан. Бул көрсөткүч ошол кездеги согуш туткундарынын лагерлери үчүн өтө сейрек кездешкен феномен болуп саналат.
Курулуштагы сапат жана символдор
Биз санаторийдин имараттарын инженердик жана тарыхый өңүттөн изилдеп жатып, алардын дубалдарынын кээ бир бөлүктөрүнүн калыңдыгы 80-90 сантиметрге жетерин аныктадык. Бул курулуштар бүгүнкү күндүн талабы менен алганда да өтө сапаттуу, жер титирөөгө туруктуу жана жылуулукту мыкты сактай турган өзгөчөлүккө ээ.
125 тепкич: Эл оозунда ушул ат менен калган көлгө түшүүчү жол — бүгүнкү күндө жөн гана архитектуралык курулуш эмес, бул жерде аман калып, мекенине кайткан ар бир жапон жоокеринин өмүрүнүн тирүү символу катары бааланат.
Имараттар: Жапондордун колунан чыккан дарылоо корпусу, ашкана жана жатаканалар (анын ичинде №5 жана №6 блоктор) курулгандан бери дээрлик 80 жылга чукул убакыт өтсө да, эч бузулбай, бүгүнкү күндө да элге кынтыксыз кызмат көрсөтүп келет.
Каттардагы үн: Сагыныч жана ишеним
Изилдөөбүздүн эң жүрөк өйүткөн жана эмоционалдуу бөлүгү — жапон туткундарынын үйлөрүнө, жакындарына жазган каттары менен таанышуу болду. Бул каттарда алардын алыскы мекенине, тууган-тутумуна болгон чексиз сагынычы, кыргыз жериндеги күнүмдүк оор эмгеги жана ошол эле учурда өздөрүнө жылуу мамиле кылган жергиликтүү элге болгон терең ыраазычылыгы чагылдырылган.
Өзгөчө көңүлдү бурган нерсе — каттардын биринде кыргыздын боз үйүнүн жана улуттук кийимчен кыргыз кызынын сүрөтү тартылган. Бул сүрөт — жат жерде жүргөн туткундардын кыргыз маданиятына, меймандостугуна болгон өзгөчө сый-урматынын жана ички дүйнөсүнүн кооздугунун далили.
Изилдөө алкагында лицейдин окуучулары жапон тарап менен онлайн байланышка чыгууга жетишти. Түз байланыш учурунда алар жапон элинин маданиятын, өзгөчө тарыхын жакындан таанып, изилдөө предмети болгон туткундардын тагдырын тереңирээк талдай алышты. Бул процесс окуучулардын заманбап билим берүүдөгү маанилүү делген 4К (критикалык ой жүгүртүү, креативдүүлүк, коммуникация, командада иштөө) көндүмдөрүн жакшы деңгээлде өнүктүрдү. Окуучулар тарыхый фактыларды талдоодо гана эмес, эл аралык байланышты түзүүдө да тилдик жана маданий кондумдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.
Жапондор өз мекенине кайткан соң, кыргыз элинин кылган жакшылыгына, адамгерчилигине ыраазычылык иретинде өз өлкөсүнүн символу болгон сакура көчөттөрүн Тамгага берип жиберишкен. Ал көчөттөр жолдун узактыгынан бир аз кечигип келсе да, айрымдары Тамганын берекелүү топурагына тамыр жайып, өсүп кеткен. Бүгүнкү күндө ал дарактар жаз алды менен гүлдөп, эки элдин ортосундагы достуктун, адамгерчиликтин тирүү эстелиги катары көрк берип турат.
“Акылман” Президенттик лицейинин окуучулары бул изилдөө аркылуу тарыхты жөн гана кургак фактылар же даталар эмес, адамдык тагдырлар, бийик гуманизм катары ачып бере алышты. Бул окуя — согуштун каардуу мыйзамдарына карабай, кандай гана кырдаал болбосун адам бойдон калуунун улуу үлгүсү.
Биз жүргүзгөн бул талаа изилдөөсү алгачкы гана кадамдар. Алдыда бул материалдарды дагы да тереңдетип, архивдик жана эл аралык булактар менен байытып, өзүнчө илимий-популярдуу китеп кылып чыгаруу пландарыбыз бар. Ошону менен бирге, бул тарыхый изилдөө иштери келечекте Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы маданий-билим берүү жана илимий чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жаш изилдөөчүлөрдүн биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга чоң өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Тарыхтын мындай көмүскө барактарын биргеликте ачууга кызыккан эл аралык уюмдарды жана илимий чөйрөнү кызматташууга чакырабыз.
ЗАИДОВ Азирет, изилдөөнүн жетекчиси, “Акылман” Президенттик лицейинин тарых мугалими, “Каганат” тарых клубунун жетекчиси, билим берүүнүн мыктысы











Комментарийлер