КЕЛЕЧЕКТИН БИЛИМИНЕ 8,5 МЛРД: ОКУУ КИТЕПТЕРИ БОЮНЧА ЖАРЛЫК ЧЫКТЫ
- 26.09.2026
- 0
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын негизги максаты — мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына толук жооп берген заманбап окуу китептерин жана усулдук колдонмолорду даярдоо, басып чыгаруу, ошондой эле мектептерди камсыздоо боюнча бирдиктүү, комплекстүү системаны түзүү болуп саналат.
Окуу адабияттарын сапаттуу басып чыгаруу максатында мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом бөлүндү.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу боюнча атайын мамлекеттик программаны даярдоо тапшырылды. Программанын алкагында төмөнкүдөй кечиктирилгис чаралар ишке ашырылат:
Мамлекеттик ведомстволор аралык комиссия түзүлөт: Жаңы окуу программаларын, китептерди жана комплекстерди иштеп чыгуу, кайра кароо үчүн Министрлер Кабинетинин алдында атайын комиссия куралат.
Кесипкөй экспертиза жүргүзүлөт: Бардык окуу адабияттары заманбап методикалык талаптарга жана мамлекеттик стандарттарга шайкештиги боюнча дыкат текшерүүдөн өтөт.
Авторлор курамы тандалат: Мектеп китептерин жазуу үчүн эң тажрыйбалуу автордук курамдар конкурстук негизде бекитилет.
Ар бир китепке QR-код киргизилет: Китептерди мектептерге жана окуучуларга жеткирүү процессин тунук көзөмөлдөө үчүн ар бир окуу куралы уникалдуу QR-код менен маркаланат. Бул механизм китептин кайсы регионго, мектепке жана класска жеткенин так байкоого мүмкүндүк берет.
Бул сунушталган чараларды аткаруу өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө, жаш муундун интеллектуалдык дареметин ачууга жана билим алууга мыкты шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
А.К., «КБ»