МАДАНИЯТТЫН ЗАМАНБАП ОРДОСУ: ПРЕЗИДЕНТ ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАҢЫ КОРПУСУН АЧТЫ
- 26.09.2026
- 0
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин окуу корпусунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. 
Мамлекет башчысы алгач жаңы имаратта түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышып чыкты. Жалпы аянты 8 615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореографиялык жана концертдик залдар, ошондой эле ашкана каралган. 
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров улуттук маданиятты сактап, өнөрдү аздек тутуу жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн таланттуу жаштарды тарбиялоо — өзгөчө жоопкерчиликтүү милдет экенин белгиледи.
«Жаңы окуу корпусунун салынышы — бул улуттук маданиятыбызды өркүндөтүүгө, өнөрлүү жаштардын келечегине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү деген сөз», — деди Мамлекет башчысы. 
Сөз арасында Президент окуу жайдын тарыхына кыскача токтолуп өттү. 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөн бул жогорку окуу жайга 1974-жылы улуттук балет өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган. Ал эми 1993-жылы институттун курамынан Калый Молдобасанов атындагы консерватория өз алдынча бөлүнүп чыгып, музыкалык билим берүүдө маанилүү этап болгон. 2013-жылы окуу жай Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра түзүлгөн.

Президент имарат маселесинин чечилиши боюнча төмөнкүлөргө токтолду: «Өткөн жылы биздин алдыбызга мына ушундай алтымыш жылдык тарыхы бар, миңдеген таланттарды эл кызматына таптап чыгарган университеттин имарат жетишсиздигин чечүү маселеси коюлган. Анын үстүнө окуу жайдын жатакана тибиндеги окуу корпусу бүгүнкү замандын талаптарына да туура келбей калган экен. Мындан улам, былтыр искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Бүгүн бардык шарттары түзүлгөн жаңы имарат таланттуу жаштарыбыз үчүн эшигин ачты».

Садыр Жапаров окутуучулар курамына кайрылып, окуу жайдын башкы дөөлөтү тууралуу да баса белгиледи: «Университеттин эң чоң байлыгы — адам ресурсу. Тактап айтканда, жаштардын шык-жөндөмүн ачып, өнөрдүн ар кыл сырларын үйрөтүп, талантын ташкындаткан тажрыйбалуу окутуучулар. Алар университеттин интеллектуалдык жана чыгармачылык чоң потенциалы экени талашсыз». 
Мамлекет башчысы бир гана устаттын берген таалим-тарбиясы студенттин тагдырын өзгөртүп, келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныта аларын айтты. Буга далил катары университеттин бүтүрүүчүлөрү болгон Калый Молдобасанов, Самара Токтакунова жана Чолпонбек Базарбаев сыяктуу залкар инсандарды, СССРдин эл артисттерин сыймыктануу менен эске салды. Президент бүгүнкү студенттердин арасынан да маданияттын жаңы жылдыздары өсүп чыгарына ишеним билдирди. 
Жаштарга кайрылуусунда Кыргызстан маданий мураска бай өлкө экенин, ал эми «Манас» эпосу, төкмөлүк өнөр, манасчылык, комузчулук, салттуу музыка, театр жана бий өнөрүн жаңыча өнүктүрүү ар бир жарандын милдети экенин айтты. Ошондой эле заман талабына шайкеш болуп, улуттук өнөрдү заманбап технологиялар жана дүйнөлүк чыгармачылык менен айкалыштыруу зарылдыгын кошумчалады.
Иш-чарада университеттин студенттери «Жаңы ысымдар» фестивалында, Дельфи оюндарында жана эл аралык кинофестивалдарда ийгиликтүү өнөр көрсөтүп келе жатканы белгиленди. Акыркы үч жылда магистратура жана аспирантура ачылып, илимий багытка да өзгөчө көңүл бурула баштаганы айтылды. 
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров окуу жайга «улуттук» макамы берилгенден кийин билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү милдети турганын ачыктап, жаңы имараттан өлкө сыймыктана турган залкар таланттар өсүп чыгышын каалады.
А.К., «КБ»