ТАМАК-АШ АРКЫЛУУ ЖУГУУЧУ ООРУЛАР

  • 20.03.2019
  • 0

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук уюму бир топ долбоорлорду ишке ашырып келатат. Анын бири – туура тамактануу. Фонддун кызматкери Роза Кайыкова тамак-аш аркылуу жугуучу оорулар тууралуу даярдаган материалында ВОЗдун аныктоосу боюнча кооптуу тамак-аш жана суу аркылуу тараган ич ɵткɵк ооруларынан жыл сайын эки миллионго жакын адамдар каза болсо, анын ичинде кɵпчүлүгү балдар экени айтылат. Ошондой эле 2010-жылы 582 миллион 22 ар кандай тамак-аштан уулануулар менен ооруп, алардын ичинен 351 000 киши каза тааптыр. Ич ɵткɵк ооруларынан каза болгондордун 52 000 сальмонелла, 37 000 ичеги палочкасы, 35 000 норовирус менен ууланганы аныкталган. Ич ɵткɵк оорулары менен ооругандардын 40% ашыгы 5 жашка чейинки балдар экен. Анда сөз башынан болсун.

ТАМАК-АШ АРКЫЛУУ ЖУГУУЧУ ООРУЛАР

Бактерияларды, вирустарды, мите курттарды же зыяндуу химиялык заттарды курамына камтыган кооптуу тамак-аш азыктары 200дɵн ашык ар кандай (ич ɵткɵктɵн ракка чейин) оорулардын себеби болоору аныкталган. Кооптуу тамак-аш мисалдары катары толук бышырылбаган жаныбар азыктарын, адамдын жана жаныбарлардын кыгы, ар кандай химиялык заттар менен булганган жер-жемиштерди, мɵмɵлɵрдү (ягоды) мɵмɵ-жемиштерди айтууга болот. Мындан тышкары жаратылыш ууларын камтыган жашылчаларды да атаса болот.

Тамак-аштан уулануулар өлкөнүн экономика жактан өнүгүүсүнө тоскоолдук тийгизет, себеби алар саламаттык сактоо тармагына көп чыгымдарга дуушар кылып, экономика, туризм жана алып-сатуу тармагына шек жаратат.

Ар дайым тамак-аш коопсуздугу боюнча жаңы коркунучтар жаралып турат. Азык-түлүк өндүрүү технологияларынын, бөлүштүрүү, керектөө жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү улам жаңы кооптуу жагдайлардын пайда болушу, микробдордун дары-дармектерге туруктуулугунун өнүгүшү – мунун баары азык-түлүк коопсуздук системасы үчүн кыйынчылыктарды туудуруп турат. Калктын миграциясы жана соода-сатык аракеттеринин күчөшү кооптуу азыктарынын эл аралык деӊгээлде жайылышына салымын кошууда.

Тамак-аштан жуккан оорулардын себеби

Эӊ кеӊири тараган тамак-аш аркылуу жугуучу оорулар бул: листериоз, микотоксикоз, сальмонеллез, ич өткөк, стафилококк менен уулануу жана ботулизм. Мындан тышкары дагы көптөгөн тамак-аш аркылуу жугуучу оорулар бар. Тамак-аш аркылуу жугуучу оорулар майыптыкка (инвалидность) жана өлүмгө алып келиши толук мүмкүн. Кооптуу тамак-аш азыктарына малдын чийки эти, адамдын жана малдын кыгы менен булганган жер-жемиштер, мөмө-жемиштер, чийки моллюскалар, балыктар кирет.

Тамак-аш аркылуу ууланган оорулардын белгилери: эт ысыйт, баш ооруйт, жүрөк айланат, көӊүл айныйт, кусат, ич ооруйт жана ич өтөт (диарея/суюк заӊ). Бирок тамак-аш аркылуу ууланган оорулар башка дагы узакка созулуучу: рак, бөйрөктүн жана боордун иштешинин начарлоосу жана мээ оорулары сыяктуу дарттарды чакырышы мүмкүн. Иммунитети бир аз алсыздык кылгандыктан бул оорулар балдар, кош бойлуу энелер жана кары адамдар үчүн бир топ коркунучтуу болот. Тамак-аш аркылуу ууланган оорулардын оор түрү менен ооруган балдардын дене-боюунун өсүшү, ой-жүгүртүү жөндөмдүүлүгү начарлап, өздөрү менен теӊ башка балдардан артта калышы мүмкүн. Бул алардын кийинки жашоосуна да таасир этиши ыктымал.

Тамак-аш аркылуу ууланган оорулардын себептери: булганган жана жакшы бышырылбаган малдын эти, куштардын эти, жумуртка, чийки жана пастеризацияланбаган сүт, кир суу, чийки жана жуулбаган жер-жемиштер, мөмө-жемиштер.

Эгерде үй-бүлөӊөрдө бирөө ооруп калса, өздүк тазалыкты абдан катуу сактоо керек. Оорулуу адам колдонгон идиш-аякты жана башка ал керектеген оокаттарды кол кап кийип кармоо жана аларды дезинфекциялай турган атайы заттар менен тазалоо, андан кийин колду самындап абдан тыкаттык менен жууп, спирт менен сүрүш керек.

ТАМАК-АШ АРКЫЛУУ ЖУГУУЧУ ООРУЛАР

Ата-энелер кандай кам көрүшү керек?

Балдарды кичине чагынан тазалыкты сактоону – колду бат-бат жууш керек экенин, жерде жаткан тамакты жегенге болбостугун, ар жерде жаткан майда-бараттарды оозго салганга болбойт деп үйрөтүү зарыл. Албетте, тазалыктын ыкмаларын сактоо баланы ар кандай жугуштуу оорулардан толугу менен сактай албайт, бирок ооруп калуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Эгерде бала норовирусту жуктуруп алган болсо, анын ден соолугуна абдан тыкаттык менен карап туруш керек, айрыкча, эӊ кичине балдарды (2 жашка чейинки балдарды).

Ошондуктан жаш бала ич өткөк менен ооруп калса аны мүмкүн болушунча батыраак суу ичирип баштоо зарыл. Сууну аз-аздан, бат-баттан берип туруш керек. Балага бир чай кашыктан, 15 мүнөт сайын берип туруу зарыл, ушундай шартта бергенде гана берген суу жакшы сиӊет. Бардыгынан регидрон жакшы, ал баланын суусунун жакшы кандырат. Эгер регидрон жок болсо, минералдык суунун газын чыгарып туруп берсе болот. Эгерде бала суу иче албай кайра-кайра эле куса берсе, анын алы кете баштаса, тез жардам чакырып ооруканага кайырылыӊыз.

Тыкаттык менен тамакты бышыруу зарыл

Тыкаттык менен тамак-ашты бышыруу бардык коркунучтуу микробдорду ɵлтүрɵт. Изилдɵɵлɵр кɵргɵзгɵндɵй, тамакты 70 градуска чейин ысытуу (кайнатуу), аны толугу менен коркунучсуз кылат. Кээ бир азыктар ɵзгɵчɵ этият мамиле жасоону талап кылат, булар: эт туурагыч менен тууралган жана эӊ майда тууралган эт, эттен жасалган рулет, эттин чоӊ кесимдери жана канатуунун бүтүн тушкасы.

Тамак-аш азыктарын коопсуз температурада сактоо керек

Эгерде, тамакты үйдɵгү температурада кармаса, микробдор абдан тез кɵбɵйүшɵт. Температура +5 градустан тɵмɵн же +60 градустан жогору болсо микробдордун кɵбɵйүшү жайлайт же таптакыр токтойт. Бирок кээ бир ɵтɵ коркунучтуу микробдор +5 градуста да ɵсүшү мүмкүн.

Биологиялык уулар (токсиндер) жана кээ бир азыктар

  1. Афлатоксиндер

Афлатоксиндер ‒ эӊ коркунучтуу уулардын бири, грибдер (кɵк) бөлүп чыгарат. Алар рак оорусун чакырат. Сактоонун шарттары туура болбосо афлатоксиндер төмөндөгү тамактарда кездешет: күрүч, жүгөрү; ар кандай татымдар; жаӊгак; чили мурчу; жер жаӊгак; чай; сүт; эт; жумуртка; кактар; өндүрүштө жасалган ширелер; балдарга арналган даяр азыктар; какао; кофе; нан. Эгерде нан бузулган ундан жасалса, анын курамында афлатоксиндер болот.

Уулануу белгилери: алсыздануу; тамакка табити начар; колу-буту шал болушу; калтырак басуу; боор ооруйт; ич өткөк; кусуу; баш оору; сарык; шишик; тери менен ооздун былжырына кан куюлуу.

  1. Дарбыздар

Кесилген дарбыз сальмонеллез жана листерияга окшош коркунучтуу микробдор үчүн жакшы тамак болуп эсептелет. Мындай дарбыз ууланууга алып келет. Кесилген дарбызды атайы кагазга ороп, муздаткычта 4 градустан төмөн температурада муздаткычта сактоо керек. Дарбыз менен коонду кесерден мурун, алардын сыртын таза суу менен жууш керек. Дарбыз менен коонду кескен бычакты дайыма тыкандык менен жууп туруш керек.

  1. Деӊизден алынган тамактар

Тамак-аш вирустары микробдорго караганда кыйла туруктуу, алар кир кол жана буюмдар аркылуу жугат, жана топурак менен сууда көптөгөн айлар бою жашай алышат. Алар тоӊдурууну, муздаткычты, ультрафиолет нурун көп деле тоотушпайт, бирок ысык температурага туруштук бере алышпайт. Көп кезиккен вирустар болуп сарыктын А түрү (гепатит А) жана норвовирус болуп эсептелет.

  1. Оор металлдар

Коргошун, кадмий, сымап сыяктуу оор металлдар мээ системасынын жана бөйрөктүн ооруларына алып келет. Азык-түлүктɵр бул оор металлдар менен топурак же суу аркылуу булганат.

  1. Органикалык туруктуу булгоочу заттар

Органикалык туруктуу булгоочу заттар — айлана-чөйрөдө жана адамдардын жана жаныбарлардын денесинде чогула турган уу заттар. Бул заттарга белгилүү диоксин менен полихлор бифенилдер (ПХБ) кирет. Бул заттар айлана-чөйрөдө кеӊири тараган, жана ар кандай өндүрүштүк иштетүүлөрдɵ же өндүрүштүн саркындыларын (мисалы, дөӊгɵлɵктɵр) ɵрттɵгɵндɵ пайда болот. Диоксиндер өтө уулуу жана алар адамдын тукум улоо жөндөмдүүлүнө, иммундук системасы үчүн зыян жана рак ооруларын чакырышат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер