ТАЛАСТАГЫ ЖАТАК-МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ: АКЫЙКАТЧЫНЫН СЫНЫ ЖАНА РАСМИЙ ЖООПТОР
- 15.05.2026
- 0
Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг Таластагы эки жатак-мектепте окуучулардын жашоо шартындагы кооптуу жагдайларды ачыкка чыгарды. Мониторингде класстардагы ашыкча жыштык, санитардык талаптардын сакталбаганы, эскирген эмеректер жана сапатсыз тамак-аш балдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратары белгиленген.
Бул сын-пикирлерге карата тиешелүү райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүдөй түшүндүрмө беришти.
Т. БАБАНОВ АТЫНДАГЫ ЖАТАК-МЕКТЕП (АЙТМАТОВ РАЙОНУ)
Айтматов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З. Маркашовдун билдирүүсү боюнча, Акыйкатчы институту аныктаган кемчиликтер атайын кеңешмеде каралып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө:
- Учурда окуучулар күндүз сырттагы 4 орундуу ажаткананы, ал эми түнкүсүн имараттын ичиндеги 2 унитаздуу даараткананы колдонушат.
- Мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер толугу менен жок кылынды. Жатаканадагы эски матрацтарды жаңылоо үчүн демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Ар бир балага мамлекеттен күнүнө 90 сом бөлүнөт. Бекитилген менюга ылайык, окуучулар жумасына бир жолудан эт жана балык, ал эми эки ирет тоок этинен жасалган тамак ичишет. Ата-энелерден акчалай жардам чогултулбайт.
Жумуштагы кемчиликтери үчүн мектеп директору Нурбүбү Арзыматовага «Сөгүш» берилди. Жетекчиликке абалды тез арада жөнгө салуу милдети жүктөлдү.
«УЛУКМАН» ЖАТАК-МЕКТЕБИ (МАНАС РАЙОНУ)
Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С. Жарманбетова, “Улукман” жатак-мектебиндеги негизги көйгөй — имараттын эскилиги экендигин белгилейт.
- Мектептин имараты 1972-жылы бала бакча катары курулган. 2025-жылдан тарта жатак-мектеп макамында иштеп жаткан имарат учурда капиталдык оңдоого муктаж болуп турат.
- 2022-жылдан бери бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылуулар жасалган. Бирок имарат Министрликтин балансында болгондуктан, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү мүмкүн болгон эмес.
- 2023–2025-жылдары капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү жана спорт зал куруу боюнча сунуштар Агартуу министрлигине, райондук администрацияга жана өнүктүрүү фонддоруна жөнөтүлгөн.
Азыркы учурда мектептин шарттарын жакшыртуу багытында кошумча колдоо жана демөөрчүлөрдү тартуу аракеттери улантылып жатат.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер