ТАЛАСТАГЫ КАЗА БОЛГОН 43 ОКУУЧУГА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУУ ДЕМИЛГЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ

  • 06.02.2019
  • 0

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында «Интернат 1969» аталышындагы иш-чара өттү. Кара-Буура районунун акиминин орун басары Салкын Карбозованын айтымында, бул иш-чара 1969-жылы 4-февралда Киров мектепинтернатындагы окуяга арналып уюштурулду. Анда аталган интернаттан өрт чыгып, 43 баланын (балдар жана кыздар) өмүрү кыйылган. Бул интернатта алыскы аймактагы малчылардын балдары окуган. Бул окуяга 50 жыл толгондугуна байланыштуу эстелик орнотуу демилгеси менен уюштуруу тобу түзүлдү.

ТАЛАСТАГЫ  КАЗА БОЛГОН 43 ОКУУЧУГА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУУ ДЕМИЛГЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ

1969-жылы кышында Таластын Киров айылындагы окуя көптөгөн балдардын өмүрүн алган. Күзөтчүнүн күнөөсүнөн улам чабандардын балдары окуган интернат өрттөнүп кеткен. Тарбиячылар балдарды имаратка таштап, өздөрү шейшептерди байлап, терезеден чыгып кетишкен. Ал эми куткаруу иштери 40 градус сууктан улам суу тоңгондугуна байланыштуу оор болгон. Кийин күйүп бүткөн күлдүн арасынан 39 баланын денеси табылган. Алардын жынысы күйгөндөн калган ткандарды араң чогултуп жатып аныкталган. Эгер денеде калган көйнөк майка болсо эркек бала болгон, эгер түстүү көйнөк болсо кыз деп табышкан.

Каргашанын кесепети боюнча Компартиянын Борбордук Комитетинде бюронун отуруму да өткөн. Партиялык орган диверсия болушу мүмкүн деп да шек санаган. Анткени Киров районунда кыска убакыттын ичинде ар кайсы мектептерде үч жолу өрт чыккан. Бирок бул каргашада атайын жасалган кылмыштын белгилери табылган эмес. Бардыгы жөнөкөй кайдыгерликтен чыккан кырсыктар болгон.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер