ТАЛАСТА ЖАӉЫ ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 02.02.2024
  • 0

Талас районунун Нуржанов айыл ѳкмѳтүнө караштуу Кѳк-Токой айылында Шекербек Шеркулов атындагы орто мектебинин жана Бакай-Ата районунун Оро айыл ѳкмѳтүнө караштуу Кыргызстан айылында Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болуп ѳттү.

ТАЛАСТА ЖАӉЫ ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

ТАЛАСТА ЖАӉЫ ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Билим уяларынын ачылыштарына Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев, ЖК депутаты Руслан Жакышев, район акимдери Нургазы Нармырзаев, Алгынбай Имаров, айыл өкмөт башчылары, мекеме уюм жетекчилери, жергиликтүү айыл тургундары катышты.

ТАЛАСТА ЖАӉЫ ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Буга чейин Кѳк-Токой айылында окуучулар 1964-жылы курулган 120 орундуу эскилиги жеткен мектепте билим алып келген болсо, Кыргызстан айылында 1968-жылы курулган жараксыз абалдагы окуу имаратында окуп келишкен. Жаңы курулган 275 орундуу Шекербек Шеркулов атындагы орто мектебинин курулуш иштери 2016-жылы башталган. Мектептин курулушу КР Президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ишке берилди. Ал эми 375 орундуу Тойчубек уулу Жанадил мектебинин курулуш иштери 2014-жылы башталып 2023-жылга чейин бүткөрүлбөй келген.

ТАЛАСТА ЖАӉЫ ЭКИ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Мектептин жалпы аянты 2859,2 чарчы метрди түзүп, окуучулар сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

Белгиленгендей, мектеп Мамкурулуш агенттиги тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет. Пайдаланууга берилген билим ордолору заманбап билим берүүгө багытталган бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Мектептердин ачылышына катышкан облус башчысы Нурлан Дарданов жергиликтүү тургундарды жаңы билим уяларынын ачылышы менен куттуктап, окуучуларды терең билим алууга чакырды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер