Таласта 75 орундуу бала бакча курулууда
- 17.04.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас районунда бир катар имараттардын жана объекттердин ачылыш аземдерине катышты.
Алгач Талас районундагы Шумкар-Уя айыл аймагынын жаңы курулган имаратынын ачылышы болду.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, акыркы эки жылдан ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактарды жана шаарларды ирилештирүү процесси жүргөнүр, бул иштердин түпкү максаты – жергиликтүү элдин укуктук, финансылык жана башка маселелерин ыкчам жана сапаттуу чечүү, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу экенин билдирди.
Маалым болгондой, эки кабаттан турган айыл аймактын имараты 58 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Андан соң, Талас районунун Кеңеш айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи болду.
Мында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, акыркы жылдары экономикада жана социалдык чөйрөдө олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын, бул бала бакчаны куруунун наркы 75 млн сомду түзүп, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жатышы — бул өлкө экономикасында жакшы жылыштар болуп, мамлекеттин бюджетинин кирешеси гана көбөйбөстөн, жергиликтүү бюджет да күч-кубаттуу боло баштаганынан кабар берээрин билдирди.
Комментарийлер