ТАЛАШКА ТҮШКӨН ОРФОЭПИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ТАЛКУУЛАНАТ

  • 17.06.2020
  • 0

Онлайн Университеттин Илимий изилдөөлөр лабораториясы бүгүн саат 17.00дө интеллектуалдык-баттл сериясынын алгачкы чыгарылышын тартуулайт.

ТАЛАШКА ТҮШКӨН ОРФОЭПИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ТАЛКУУЛАНАТ

Бул жолу интеллектуалдык-баттл «Талашка түшкөн орфоэпиялык эрежелер» темасына арналып, кыргыз тилинин орфоэпиялык эрежелери талкууланат.

Интеллектуалдык-баттлдын катышуучулуры: белгилүү тилчи, филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Сыртбай Мусаев,  КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү манасчы, филолог Рысбай Исаков, филология илимдеринин кандидаты, MEDIA КАРЬЕРА мектебинин негиздөөчү, белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы, Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Камбаралиева Уулкан катышат.

Эске салсак, Онлайн Университеттин Онлайн окутуу усулдары лабораториясы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына онлайн сабак өтүү жана сынактарды уюштуруу боюнча бир катар вебинарларды акысыз өткөрүп, жаңы усулдарды үйрөтүп келет.

Интеллектуалдык-баттлдын шилтемеси:

https://zoom.us/j/95601666790?pwd=MS9sRUk4R1VVdGloWVVZQUYwU0lodz09

Идентификатор: 956 0166 6790

Пароль: 181929

Бөлүшүү

Комментарийлер