ТАЛАС ШААРЫНДА ӨЗГӨЧӨ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ
- 02.09.2025
- 0
Билим уя жүздөгөн жигердүү жарандардын бир максаттуу аракети менен курулду.

Маалыматка таянсак, демилгени ишке ашырууга ишкерлер, мугалимдер, куруучулар, энергетиктер, активисттер, дыйкандар жана катардагы жөнөкөй жарандар салым кошту. Бири каражат берсе, бири жумушка жардам берип, курулушту ашар жолу менен бүтүрүшкөн.
Заманбап ыкмада окута турган мектеп 240 орундуу болуптур. Үч тилди тең тереңдетип окутууга, технологияга, математикага басым жасалган. Ошондой эле билим менен катар таалим-тарбияга, улуттук баалуулуктарга да өзгөчө басым коюлат.

— Ачыгын айтканда Талас облусунда элдин күчү менен салынган мындай заманбап мектеп жок. Бул биринчиси болду көрүнөт. Баса, мектеп жеке болсо да мамлекет үчүн чоң салым болду окшойт, — дейт Н.Курманбеков.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер