Талас шаарында «Акылман» лицейи ачылды
- 11.09.2026
- 0
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейи ачылды. Лицей миңге жакын окуучуга ылайыкталган. Анын аймагында 168 орундуу заманбап жатакана да каралган.
Салтанатта мамлекет башчысы жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы менен куттуктап, билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги үчүн негизги күч экенин билдирди.
“Заманыбыздын эң ишенимдүү калканы — билимдүү жаштар. “Акылман” лицейи келечекке жаркын кадам таштаган чыныгы билим уясына айлансын. Дүйнө өзгөрүп, технологиялар өнүгүп, жасалма интеллекттин доору жүрүп жаткан маалда жер-жерлердиги өзгөчө жөндөмдүү балдарыбызды топтоп, алардын талантын ачуу мезгил талабы!”, — деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, лицейде өлкөнүн ар аймагынан тандалып алынган зээндүү балдардын жөндөмүн өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Окуучулар заманбап билим гана албастан, улуттук баалуулуктарды, мекенчилдикти жана адамдык бийик сапаттарды өздөштүрүп, өлкөгө кызмат кыла турган адистер болуп чыгышы керек.
Президент Садыр Жапаров салтанатта өлкө боюнча 105 социалдык жана өнөр жай объектисин онлайн ачты. Ачылган объектилердин арасында 34 мектеп, 28 бакча, 12 спорттук аянтча бар. Жаңы объектилердин ишке кириши аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»