ТАЛАС: С.ЖАПАРОВ КУУНУН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУН АЧТЫ
- 11.09.2026
- 0
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты. 
Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен толук камсыздалып, окуу процессине акыркы санариптик технологиялар киргизилген. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Мамлекет башчысына маалымат берип, жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдирди. Министрдин айтымында, жаңы корпустун ачылышы студенттердин билим алуусу үчүн заманбап шарттарды жаратып, жогорку билим берүү системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу өтө маанилүү кадам болуп саналат. 
Аталган окуу жай 1994-жылы Талас педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн. Ал эми педагогикалык окуу жайдын тарыхы мындан дээрлик бир кылым мурда, тагыраагы 1930-жылдары башталып, билим берүү тармагында 90 жылдан ашкан бай тарыхка ээ. Ушул мезгил аралыгында окуу жай мамлекеттик башкарууну, экономиканы, маданиятты жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон миңдеген көрүнүктүү адистерди даярдап чыгарган. 
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы атайын кабинеттерди жана окуу жайларды, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы кабинетти, Туризмди өнүктүрүү борборун, ошондой эле топурактын жана суунун сапатын аныктоочу лабораторияны кыдырып чыкты. 
Андан соң окутуучулар жамааты менен баарлашып, аларды студенттерге заманбап, сапаттуу билим берүүгө жана татыктуу адистерди тарбиялап чыгарууга чакырды. Жолугушууда туристтик чөйрөнү өнүктүрүү жана бул багыт боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров институттун жаңы корпусу аймактын жаштарына жеткиликтүү жана заманбап билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.
А.К., «КБ»



