Талас облусундагы мектептерге заманбап техникалар тапшырылды

  • 09.09.2025
  • 0
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Талас жана Бакай-Ата райондорундагы мектептерге Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунун эсебинен сатылып алынган заманбап техникаларды тапшырды.Талас облусундагы мектептерге заманбап техникалар тапшырылды

Атап айтсак, Кум-Арык айылындагы К.Нурбеков жана Таш-Арык айылындагы А.Эсенбеков орто мектептерине, ошондой эле Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов орто мектебине заманбап компьютер, интерактивдүү такта жана принтерлер белекке берилди.

Эл өкүлү мындай иш-аракеттер жаш муундун сапаттуу билим алышына ыңгайлуу шарт түзөрүн жана мугалимдердин жумушун жеңилдетерин белгилеп, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө да салым кошорун билдирди.

ЖК коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер