ТАЛАС: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫКТАР КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

  • 03.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери иш сапары менен Талас облусуна барып, жаңы 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Тиешелүү буйруктун негизинде Талас облустук Усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары мектеп жана бала бакчалардын абалын көрүштү. ТАЛАС: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫКТАР КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨИш сапардын алкагында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы, жүргүзүлүп жаткан оңдоо-түзөө иштери, окуу кабинеттеринин даярдыгы, ошондой эле окуу китептери жана мугалимдер менен камсыз болуу маселелери катуу көзөмөлгө алынууда.

Адистердин баамында, негизги максат — жаңы окуу жылын сапаттуу уюштуруу, мекемелердин даярдыгын ар тараптан баалоо жана орчундуу маселелерди өз убагында чечүү болуп саналат. Алдыдагы окуу жылынын ийгиликтүү башталышы үчүн бардык тиешелүү тармактык мекемелер тарабынан зарыл болгон алдын ала аракеттер көрүлүүдө.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер