ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 11.09.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен Талас мамлекеттик университетинин ректору кызматына Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2023-жылдын 7-сентябрынан тартып дайындалды.

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 21-августунда Талас мамлекеттик университетинин ректору бош кызмат ордуна сынак жарыяланган.

Резюме Шаршембиева Ж.С. 20.05.2022

Бөлүшүү

Комментарийлер