ТАЛАС: ЭЛ ӨКҮЛҮ «КЫЗЫЛ АЛМА» ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШТЫ

  • 20.10.2026

Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Кызыл алма» фестивалына катышты. ТАЛАС: ЭЛ ӨКҮЛҮ «КЫЗЫЛ АЛМА» ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШТЫ

Фестиваль жаштарды жана ишкер айымдарды колдоого, өсүп келе жаткан муундун чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө, улуттук каада-салттарды сактоого жана жазуучунун адабий мурасын кеңири жайылтууга багытталды. Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу тасма көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөлөрү жана театрлаштырылган программалар тартууланды. ТАЛАС: ЭЛ ӨКҮЛҮ «КЫЗЫЛ АЛМА» ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШТЫ

Сапардын жүрүшүндө эл өкүлү Чолпонбай айылындагы С.Садыкова орто мектебинен да кабар алып, билим берүү мекемесине заманбап интерактивдүү такта тапшырды. Депутат бул демилге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу процессине инновациялык технологияларды киргизүүгө жана окуучулардын заманбап билим алуусу үчүн бирдей шарттарды түзөрүн баса белгиледи. Аны менен катар жаштарды колдоо, билим берүүнү өнүктүрүү жана маданий мурастарды сактоо — өлкөнүн жаркын келечегине кошулган маанилүү салым экенин кошумчалады.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү