ТАЛАС: БИЛИМ КЕРБЕНИ

  • 25.04.2024
  • 0

2024-жылдын 22-апрелинен баштап Талас мамлекеттик университети Талас облусунун орто билим берүү мектептерининлицей, гимназиялардын  9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары үчүн кесипке багыт берүү багытында «Билим кербени» аттуу иш сапарын баштады.

ТАЛАС: БИЛИМ КЕРБЕНИ

Маалыматка таянсак, Талас мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Р.А.Уркумбаева окуу жайдын факультеттеринин активдүү, чыгармачыл, эң жакшы окуган студенттер курамынан турган «Билим кербенинин» тобун жана иш-планын, программасын түздү.

ТАЛАС: БИЛИМ КЕРБЕНИТАЛАС: БИЛИМ КЕРБЕНИТАЛАС: БИЛИМ КЕРБЕНИ

Талас мамлекеттик университетинин «Билим кербенин» окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж.С.Шаршембиев жетектеди. Кербендин тобунда Талас мамлекеттик университетинин декандары — Абдиева Ж.К., Курманалиева А. Ө., Дүйшөналиева У.Э., орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Мураталиева Назгүл,  ТалМУнун алдындагы лицейдин директору А.Бутешова болду.

ТАЛАС: БИЛИМ КЕРБЕНИТАЛАС: БИЛИМ КЕРБЕНИ

«Билим кербенинин» иш сапары 26-апрелге чейин уланат. Талас мамлекеттик университетинин  «Билим кербенинин» сапары байсалдуу жана натыйжалуу болсун!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер