ТАЛАС: “АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН ЭШИГИН АЧАТ
- 19.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас шаарындагы “Акылман” Президенттик лицейинин ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты.

Министр лицейге педагогикалык кызматкерлерди конкурстук негизде кабыл алуу иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.


Иш сапардын жүрүшүндө министр кызуу жүрүп жаткан курулуш иштерин көрүп, окуу кабинеттеринин абалы менен таанышты.



Жаңы окуу жылынын алдында “Акылман” Президенттик лицейинин Таластагы филиалы 7-8-класска кабыл алынган 96 окуучуга эшигин ачат. Лицей 920 окуучуга ылайыкталган. Ошондой эле 168 орундуу жатакана каралган.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер