ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

  • 19.03.2024
  • 0

Германиянын Геттинген шаарында немис тили боюнча А2 жана В1 деңгээлиндеги эл аралык олимпиаданын регионалдык тандоо туру өткөрүлдү. Олимпиаданын регионалдык туруна Каракол шаарынын Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2 мектеп-гимназиясынан беш окуучу катышып, эки окуучу Аскарбекова Аксаамай жана Мирбекова Алия регионалдык турдун жеңүүчүлөрү болушту.

ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

Олимпиада Казакстандагы Гете институтунун колдоосунда өткөрүлдү. Ушул олимпиаданын  жеңүүчүлөрү Германиянын Геттинген шаарында 15-июлдан 22-июлга чейин өткөрүлүчү Эл аралык олимпиадада өз өлкөсүнүн атынан катыша алат. Аталган олимпиадага 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр катышат. Финалдык тур 2024-жылдын 14-мартында болуп өттү.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Аскарбекова Аксаамай Бишкек шаарынын мектептеринин биринин окуучусу менен бирдей упай топтогон. Ошол себептүү кошумча экстратур өтөрүлдү. Кошумча турда Аксаамай II орунду камсыздап, диплом жана баалуу сыйлыктарга ээ болду.

7″Г» классынын окуучусу Мирбекова Алия шыктандыруучу грамота менен сыйланды. Аксаамай жана Алия өздөрүнүн тил билүү жагынан мыкты сапаттарын көрсөтө алышты. Мирбекова Алия олимпиаданын катышуучуларынын ичинен эң кенжеси деп табылды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер