ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АРТТА КАЛДЫ

  • 18.05.2020
  • 0

Каракол шаардык балдар билим борборунда 2019-2020-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында жаралган кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу колго алынган. Балдар билим борборундагы 800дөн ашык окуучуларга онлайн режиминде билим берүү жеткиликтүү болду. Борбордун мугалимдери видеосабак, аудиосабактарды уюштуруп, креативдүүлүктөрүн көрсөтө алышты. WhatsApp, Telegram жана Zoom программалары аркылуу түзүлгөн ийкемдүү сабактардын жүгүртмөсү уюштурулган.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР  АРТТА КАЛДЫ

Борбордун директору Cалтанат Ташбаеванын маалыматы боюнча, мындан сырткары ютуб каналы, Фейсбук баракчасы ж.б. аркылуу ар бир окуучуга тапшырмалар жеткирилип, окуучулар менен кайтарым байланыш түзүлгөн.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР  АРТТА КАЛДЫ

— Кыргызстанга кирип келген COVID-19 илдетине байланыштуу 25-марттан баштап аралыктан окутуу системасы ишке кирген. Оор илдетке карабастан, биздин мугалимдер окуучулар менен тыгыз байланышта болууда. Аралыктан окутууда студия жетекчилери кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонун жашырышкан жок. Аралыктан билим берүүдө көптөгөн программаларды үйрөнгөндөрүн, өз билимдерин өркүндөтө алгандарын, бирок интернет жай болуп кээ бир программаларды колдонуу оор болгонун айтышса, айрым жетекчилер онлайн сабак бир жагынан кызыктуу, экинчи жагынан кыйынчылыгы да болду дешти. Анткени окуучулар жана мугалимдер үчүн күтүүсүз болгондуктан, аралыктан сабак берүү кыйынчылык туудурду. Мугалимдер үчүн изденүүлөр болду. Балдарга кызыктуу болуш үчүн жаңы технологияларды колдонуп көрүүгө аракет кылышты. Видео тартканды үйрөнүштү. Жетекчилердин видеосабактары балдар үчүн да кызыктуу болуп жатты. Кыйынчылык туудурган нерсе, биринчиден, окуучулар менен иштөөдө жакындан кемчиликтерин көрсөтүп бере алышпады. Эки тараптан болгон аракеттин натыйжасында максаттары ишке ашып жатат. Көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан сүрөт студиясынын жетекчиси Т.Мүсүрбаева көмөк көрсөтүп жатышкан ата-энелерге ыраазычылык билдирип жатты, — дейт жетекчи.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР  АРТТА КАЛДЫ

ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР  АРТТА КАЛДЫ

Борбордо көркөм-эстетикалык табит өстүрүүчү жана илимге, тилдерди өздөштүрүүгө болгон муктаждыктарды канааттандыруучу ийримдер иштейт. Алардын ичинен таланттуу балдар ар кандай кароо-сынактарга катышып, жакшы ийгиликтерге жетишип, чет өлкөлөргө барып, Кыргызстандын туусун желбиретип, көлдүн жана шаардын атын чыгарып келатышат. Балдар билим берүү борборунда мыкты деген мугалимдер эмгектенет.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР  АРТТА КАЛДЫ

ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР  АРТТА КАЛДЫ

ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫ АРАЛЫКТАН ОКУТУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР  АРТТА КАЛДЫ

— Келечек балдардын колунда дегендей, биздин мугалимдер талыкпай эмгектенип келе жатышат. Мектептен сырткары учурда билимин тереңдеткиси келген балдар биздин борборго келишет. Билимге умтулган балдардын жана өспүрүмдөрдүн суроо талабын, алардын бош убактыларын уюштуруп, моралдык жана интеллектуалдык өнүгүүсүн эффективдүү өткөрүүгө ийрим жетекчилери өз салымдарын кошуп келишүүдө, — дейт С.Ташбаева.

Борбордо ар кандай багыттагы студиялар иш алып барат. Алар: комуз, вокал, сүрөт, бий, көркөм өнөр, техника чыгармачылыгы ж.б.

Көп кырдуу таланттуу балдарга жол ачылып, келечектеги кесибине да багыт берилүүдө.

Маселен, сүрөт студиясынын тарбиялануучуларынын жан дүйнөсү менен тартылган сүрөттөрү борбордун ичинде эле эмес, ар кандай кароо-сынактарга да катышып, өнөрлөрүн тартуулап ар кандай сыйлыктарга ээ болушууда.

— Келечек жаштардын колунда демекчи, Каракол шаардык балдар билим берүү борбору талыкпастан чыгармачылык менен эмгектенип, келечектин муундарына мыкты деген тарбияларды беребиз деген үмүтүбүз чоң, — дейт директор.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер