ТАЛАНТТУУ БАЛДАР АРАЛЫКТАН СЫНАККА КАТЫШУУДА

  • 22.04.2020
  • 0

Өлкөдө жарыяланган кырдаалга байланыштуу Араван райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийрим жетекчилери WhatsApp аркылуу окуучулар менен байланышып, сабактарын өтүүдө.

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР АРАЛЫКТАН СЫНАККА КАТЫШУУДА

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР АРАЛЫКТАН СЫНАККА КАТЫШУУДА

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР АРАЛЫКТАН СЫНАККА КАТЫШУУДА

ТАЛАНТТУУ БАЛДАР АРАЛЫКТАН СЫНАККА КАТЫШУУДА

Араван райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Я.Сулейманованын берген маалыматы боюнча, мугалимдер, WhatsApp аркылуу группа түзүп, окуучу жана ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп келүүдө.

— Балдардын чыгармачылык борбору ушул күнгө чейин ар кандай кароо-сынактарга катышып келди. ОБЧБнын буйругунун негизинде «Биз ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз — 2020» сынагынын райондук туру 2020-жылдын 11-мартында балдардын чыгармачылык борборунун базасында өткөрүлгөн. Жалпы район боюнча 21 мектеп катышты. Азыркы өзгөчө кырдаалга байланыштуу сынактын облустук туру «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында 7-13-апрелине чейин кароо-сынак жарыяланып, райондук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан катышып жаткан окуучулардын жасаган эмгектери «Илим жолу» сайтына жөнөтүлдү. Жөнөтүлгөн эмгектердин ичинен: А.Навои атындагы орто мектебинин окуучусу Юлдашев Абдулатифтин «Гираскутор», Т.Кочубаев атындагы мектебинин окуучусу Сабиров Хожиакбардын «Жасалма инкубатор», Бостон атындагы мектебинин окуучусу Абжалилов Бекжандын «Шамал генератору» жана Т.Бекенов атындагы мектептин окуучусу Жеңишбек уулу Орозбектин «Суу айлануусун автоматташтыруу» долбоорлору тандалып алынды. «Алтын түйүн» БРИТ Академиясынын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылык боюнча мыкты билим берүү программасы» республикалык конкурсуна Мухаммад-Саид гимназиясынын жана Балдардын чыгармачылык борборунун «Робототехника» ийриминин мугалими Садикова Мухаенун окуу программасы жөнөтүлдү, — дейт борбордун директору Я.Сулейманова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер