ТАЛАНТ МАМЫТОВ МОСКВА ШААРЫНДАГЫ БЕЛГИСИЗ ЖООКЕРДИН ЭСТЕЛИГИНЕ ГҮЛ КОЙДУ
- 07.12.2020
- 0
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун Россия Федерациясындагы иш сапары бүгүн, 7-декабрда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.
Төрага Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын бир мүнөт унчукпай туруп эскерди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер