ТАБЫШМАКТУУ МАРАЛДАР: БЕШ-ТАШ КОРУГУНАН УНИКАЛДУУ СҮРӨТТӨР

  • 24.10.2023
  • 0

Кыргызстандагы биринчи deeptech компания DiGi, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Peak Machinery менен биргеликте Талас облусунун Беш-Таш коругундагы сейрек кездешүүчү бугуларды издөө үчүн экспедицияга барып келди.

ТАБЫШМАКТУУ МАРАЛДАР: БЕШ-ТАШ КОРУГУНАН УНИКАЛДУУ СҮРӨТТӨР

Экспедиция учурунда DiGi командасы нейрон тармактарынын жардамы менен жаныбарларды жана адамдарды таанууга жөндөмдүү дрондор үчүн жасалган программалык камсыздоону сынап көрүштү. Бул дрондор тепловизорлор менен жабдылып, тирүү жандыктарды бир топ алыс аралыктан да аныктоого мүмкүндүк берет.

2022-жылы Кыргызстанга Алтай Республикасынан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын санын көбөйтүү үчүн 35 баш марал алынып келинген. Талас райондук башкармалыктын башчысы Бекмурза Маматовдун айтымында, маралдардын ийгиликтүү адаптацияланышы үчүн алардын жайгашкан жерине мониторинг жүргүзүп туруу зарыл:

ТАБЫШМАКТУУ МАРАЛДАР: БЕШ-ТАШ КОРУГУНАН УНИКАЛДУУ СҮРӨТТӨР

«Коруктун кең аймагын эске алып, бугулардын коруктун кайсыл жеринде жана кайсыл бөлүгүндө жайгашканын билүү үчүн чиптерди (GPS), камера капканды жана рация сатып алгыбыз келет. Бирок азыр бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин рациясын колдонууга аргасыз болуп жатабыз. Биздин жаратылыш паркыбызда маралдардан тышкары дагы башка уникалдуу жаныбарлар бар, аларды дагы тартып алгыбыз келет».

Экспедиция учурунда DiGi компаниясы тарабынан жасалган программалык камсыздоосу бар дрондор бугулардын миграциялык жолдору жана жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды чогултуп, келечекте алардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

ТАБЫШМАКТУУ МАРАЛДАР: БЕШ-ТАШ КОРУГУНАН УНИКАЛДУУ СҮРӨТТӨР

“DiGi бул жаратылыш ресурстарын кылдат колдонуунун маанилүүлүгүн түшүнгөн Кыргызстандагы биринчи терең технологиялык компания. Биз технология жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун каражаты боло алат деп ишенебиз. Беш-Таштагы мониторингдин жыйынтыгы боюнча биз чет элдик компаниялардын көңүлүн буруп, Кыргызстандагы экологияны жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап калууга жардам бере турган маалыматтар менен бөлүшмөкчүбүз. Биздин миссия илимий изилдөөлөр жана алдыңкы технологиялар аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо үчүн чет элдик каражаттарды жана жаңы инвестицияларды тартуу, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү жана Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө жана санариптик трансформациясына көмөктөшүү”, — дейт DiGi deeptech  директору Нурлан Шапанов.

Компания тууралуу:

DiGi — Кыргызстандагы терең технологиялар чөйрөсүндөгү биринчи deeptech компания. DiGi татаал маселелерди эң натыйжалуу чечүү үчүн жасалма интеллектти колдонууга адистешкен. Жасалма интеллект менен иштеген программалык камсыздоону колдонуу аркылуу DiGi сейрек кездешүүчү бугулардын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылууга жардам бере алат. Бул санариптик инновация менен жаратылышты коргоо көйгөйүнүн ийгиликтүү айкалышы.

Назгүл ДОЛОТКЕЛДИЕВА, DiGi deeptech компаниясынын PR-директору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер