ТАБИЯТ КОЙНУНДАГЫ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ

  • 20.07.2022
  • 0

Жакында Ала-Бука районундагы Сапалак-Сай  айылында Роза Отунбаеванын демилгесинин «Жайлоо өнүгүү борборунун» негизинде «Бермет- Жайлоо  өнүгүү борбору» ачылды.

Борборду ачуу идеясы районубуздагы  №26 «Жылдызча» балдар бакчасынын директору Качкынбаева Тамарага таандык. Тамара Эргешовна  аталган бала бакчада жети жылдан бери жетекчи болуп иштеп келет.
— Күн сайын жумуштан кайтканда көчөдөгү кумда ойноп, ар жерде күндүн ысыгында ары-бери баскан жеткинчектерди көрчүмүн. Анан ушундай балдар үчүн атайын борбор ачууну ойлодум эле. Азыр ошол тилегим орундалып,  боз үйдү тигип, жасалгаладык. Роза Отунбаеванын «Жайлоо өнүгүү борбору» менен байланыштым, алар бизди  китептер, көргөзмө куралдар, окуу куралдары менен толук камсыздап, зор колдоо көрсөтүштү, — дейт «Бермет — Жайлоо өнүгүү борборунун жетекчиси Тамара Эргешовна.
Максатты туура коюп, аракет кылсаң, сөзсүз кыялдар орундалат эмеспи.
Бүгүнкү күндө бул жерде 3 жаштан 15 жашка чейинки 25 бала үч сааттык мөөнөттө убактыларын текке кетирбей, пайдалуу өткөрүшүүдө. Учурда мында районубуздун балдар бакчаларынын тарбиячылары, ата-энелер келип мастер- класстарды өтүп, ар бир күн эсте каларлык өтүүдө. «Жайлоо өнүгүү борборунан» тренерлер Эсенбекова Кулипа жана Абдисаева Бегимай өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Табигат койнунда келечек муунга көрүлгөн камылга айыл элин да  кубандырды. 1-июлдан башталган «Бермет — Жайлоо   өнүгүү борбору»  20-августка чейин өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү менен жаш жеткинчектерге руханий азык тартууламакчы. Демилгенин деми суубай, буйруса көп ийгиликтер жараларына тилектештигибизди  билдиребиз.

Гүлжан АБДЫКАДЫРОВА, Ала-Бука району

Бөлүшүү

Комментарийлер