ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТЫН КЕСЕПЕТТЕРИ ЧЕТТЕТИЛҮҮДӨ

  • 14.03.2022
  • 0

12-марттан баштап жааган катуу жаандан Түштүк аймагынын кээ бир райондору катуу жабыркады. Чаткал, Токтогул, Чоң-Алай райондорунда кар аралаш жааган жамгырдын кесепетинен кар көчкү жүргөн.

Маалыматка ылайык, Чаткал районундагы кар көчкүдөн улам жолдор жабылып, электр линиялары үзүлүп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышовго байланышканыбызда, ал бизге азыркы учурда райондогу 12 мектепте свет жок болуп жаткандыктан, окуучулар аралыктан окуп жатышканын билдирди.

Кардын калыңдыгы бир жарым метрге чейин жеткен бул табигый кырсыктан Чоң-Алай районундагы турак жайлар да коркунучта калган. Райондогу Жекенди айыл аймагындагы Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы жети сарайды, он турак үйдү суу каптаган.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары азыр кырсыктын кесепеттерин четтетүү иштерин жүргүзүп, жолдорду, электр линияларын калыбына келтирип жатышат.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер