ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР БОЮНЧА ЖАҢЫ ИШ ДЕПТЕРЛЕР ДАЯР!
- 27.08.2026
- 0
Билим берүү тармагындагы дагы бир жакшы жаңылык — 3 жана 6-класстын окуучулары үчүн «Табигый илимдер» окуу-методикалык комплексинин иш дептерлери басылып чыкты.


Маалыматка таянсак, иш дептерлер кыргыз жана орус тилдеринде жалпы 345 миңден ашуун нускада даярдалып, «Учкун» басмаканасынан жарык көрдү.
3-класс:
- кыргыз класстар үчүн — 103 757 нуска
- орус класстар үчүн — 74 755 нуска
6-класс:
- кыргыз класстар үчүн — 99 480 нуска
- орус класстар үчүн — 67 415 нуска
Учурда жаңы окуу материалдарын өлкө аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарына жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Максат — жаңы окуу жылында окуучуларды керектүү жана сапаттуу окуу материалдары менен өз убагында камсыз кылуу.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер