ТААЛИМ ЖӨНҮНДӨ 100 КИШИНИН ТАЛКУУСУ

  • 13.05.2020
  • 0

ТААЛИМ ЖӨНҮНДӨ 100 КИШИНИН ТАЛКУУСУ

 

“Ыйык Ата-Журт” жаштар коомдук фонду калк арасында тарбия, адеп-ахлак маселесин көтөрүп чыкты.

Коом оӊолушу үчүн адамга мыкты тарбия бериш керек. Мына ушундай бийик мүдөөнү көздөгөн “Ыйык Ата-Журт” жаштар коомдук фондунун жетекчиси Акынбек ЭРГЕШОВдун ишмердиги ар тараптан колдоого арзыйт. Акынбек республикалык, эл аралык илимий-практикалык  симпозиумдарды уюштуруу менен чектелбестен, студенттер менен, окуучулар менен байланыш түзүп, тыгыз иштешип келет. Ал Кыргызстандагы бүгүнкү оор кырдаалга карабай, тарбиялык процессти алдыга жылдырып, вебинарларды, талкууларды уюштуруп жатат. Албетте, бир жерге 100 кишинин башын бириктирип, тарбиялоо жаатында көйгөйлөрдү чечүү ар кимдин эле колунан келе бербейт.

ТААЛИМ ЖӨНҮНДӨ 100 КИШИНИН ТАЛКУУСУ

А. Эргешов жетектеген бул коом жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, мыкты мугалимдер, чыгаан инсандар менен мамиле түзүп, аларды карапайым калк менен байланыштырып, көпүрөдөй кызмат аткарууда. Анын “Тарбия баалуулугу жана өзүн-өзү тарбиялоо”, “Баланын жылмаюусу – ааламдын жылмаюусу” деген темалардагы вебинарлары ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышы, тарбиянын коомго зор таасирин тийгизери анык.

Кыргыздын мыкты педагогдору Гапыр Мадаминов, Акматали Алимбеков, Мамбетасан Ибраев, Дүйшөн  Шаматов, Алмаз Токтомаметов  сыяктуу инсандар баланы тарбиялоонун мыкты үлгүлөрү, этнопедагогика, мектеп, эне тууралуу ойлорун ортого салып, катышкандарга тарбия жаатында мыкты кеңештерди беришти. Маалыматы көп заманда тарбиялык нук өз агымына жараша өзгөрөт, ошондуктан өзүбүздүн менталитетибиздин жакшы үлгүлөрүн алуу менен инсандыкты бийиктикке чыгара алабыз деген жыйынтыкка келишти. Вебинардын катышуучулары уюштуруучу, “Ыйык  Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун төрагасы Акынбек Эргешовго ыраазычылык билдиришти.

 

Бактыгүл Байтикова, “Кут Билимдин” сырт кабарчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер