«ТАҢ ШООЛАСЫНАН» ТААЛИМ

  • 29.10.2021
  • 0

Аксы районунун борборунан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Ак-Суу айылындагы «Таң шооласы» мектепке чейинки билим берүү уюмунда «Бөбөктөрдү тарбиялоодо заманбап шарттарды түзүү» аталыштагы семинар болуп өттү.

"ТАҢ ШООЛАСЫНАН" ТААЛИМ

Семинарга райондогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Эмилбек уулу катышты.»Таң шооласы» бала бакчасынын директору Кенже Асанова жаш бөбөктөр менен тарбиячыларга, кызматкерлерге мында түзүлгөн ыңгайлуу шарттар тууралуу айтып берди.

"ТАҢ ШООЛАСЫНАН" ТААЛИМ

Тарбиячылар кызыктуу сабактарды өтүп, балдардын чакан концерттик программасын тартуулашты.

-Мындай тажрыйба алмашуулар көп болсо, ишти алга жылдырууга себеп болооруна ишенебиз, — дейт бала бакчанын жетекчиси Кенже Асанова.

Мырзаканова Махабат, Аксы району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер