ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

  • 05.06.2026
  • 0

Ош шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдору үчүн үч күндүк масштабдуу окутуу өтүп жатат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Ага Хан фонду менен биргелешип өткөрүп жаткан бул иш-чаранын алкагында республика боюнча жалпысынан 250 тренер даярдалып, алардын жардамы менен 6000 тарбиячынын квалификациясы жогорулатылмакчы.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында,  окууга тартылган 120 тренер мектепке чейинки билим берүү тармагында эмгектенген педагогдор жана адистер болуп саналат. Аталган окуулар келечекте мектепке чейинки билим берүү системасында жаңы стандарттарды натыйжалуу ишке ашырууга жана педагогикалык кадрлардын кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталган.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

Тренерлер “Мамлекеттик стандарт, пландоо жана мониторинг”, “Көп тилдүүлүк, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана бала бакчадагы тамак-ашты уюштуруу”, “STEAM билим берүү. Функционалдык сабаттуулуктун негиздерин калыптандыруу үчүн STEAM-практикаларынын жана жумшак көндүмдөрдүн синергиясы” ж.б. темаларын талкуулашууда. Алсак, Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы “Көп тилдүүлүк, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана бала бакчадагы тамак-ашты уюштуруу” темасын кеңири ачып берди. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар көп тилдүү билим берүүнүн негизги принциптери, мамлекеттик стандарттарга ылайык иш кагаздарын туура жүргүзүү жана тариздөө, ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдардын туура жана коопсуз тамактануусун уюштуруунун талаптары боюнча маалымат алышты. Окуунун жүрүшүндө практикалык тапшырмалар, талкуулар жана тажрыйба алмашуу аркылуу катышуучулар өздөрүнүн кесиптик компетенцияларын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаранын негизги максаты – мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим берүү сапатын жогорулатуу, документ жүгүртүүнү өркүндөтүү жана балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган ишмердүүлүктү колдоо болуп саналат. Тренинг жигердүү талкуу жана пайдалуу сунуштар менен коштолуп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдоруна арналган “Стандарттан натыйжага карай: педагогдун негизги ишмердүүлүгү” тренингдин алкагында тренер Айгүл Камалова катышуучулар менен “Мамлекеттик стандарт, пландоо жана мониторинг” темасын талкуулады. Катышуучулар мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизги талаптары, билим берүү процессин натыйжалуу пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары боюнча маалымат алышты.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

Ошондой эле балдардын өнүгүүсүн баалоо, окутуу-тарбиялоо ишмердүүлүгүн уюштуруу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Тренинг практикалык тапшырмалар, тажрыйба алмашуу жана жандуу талкуулар менен коштолуп, катышуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик стандарттын талаптарын сапаттуу ишке ашыруу, пландоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мониторинг жүргүзүү аркылуу билим берүү сапатын камсыз кылуу болуп саналат.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

STEAM билим берүү боюнча республикадагы алдыңкы адис Индира Дууланова өткөн “STEAM билим берүү. Функционалдык сабаттуулуктун негиздерин калыптандыруу үчүн STEAM-практикаларынын жана жумшак көндүмдөрдүн синергиясы” темасы STEAM ыкмасын мектепке чейинки билим берүүдө мамлекеттик стандарттын компетенттүүлүктөрү менен байланыштырып түшүндүрүүгө багытталды.

— STEAM — бул балдарда эрте курактан тартып илимий-техникалык жана инженердик ой жүгүртүүнү калыптандыруунун практикалык жолу. Сессия тренерлерге STEAM ыкмасын мектепке чейинки билим берүүдө Мамлекеттик стандарттын компетенттүүлүктөрү менен байланыштырып түшүндүрүүгө багытталды. STEAM — бул балдарда эрте курактан тартып илимий-техникалык жана инженердик ой жүгүртүүнү калыптандыруунун практикалык жолу, — дейт тажрыйбалуу адис.

Катышуучулардын бири Гулмайрам Чот кызы тренингдер кургак лекция форматында эмес, жандуу баарлашуу, кайтарым байланыш ыкмалары менен өтө кызыктуу өтүп жатканын белгиледи.

— Мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча «Стандарттан натыйжага карай: педагогдун эффективдүү ишмердүүлүгү» тематикасында үч күндүк окуу тренинг кургак лекция форматынан алыс уюштурулганы үчүн катышуучуларга өтө кызыктуу болууда. Бул педагогдордун ички потенциалын ойготуп, аларды жаңы идеяларга шыктандыра турган жана эң башкысы — бала бакчанын босогосун аттаган ар бир баланын келечегине жоопкерчилик менен кароого багыттай турган практикалык аянтча болду. Нурзида Касымова жана уюштурган жетекчиликке терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

Тренерлер үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча окутуунун жүрүшүндө инклюзивдик билим берүүнүн максаты, милдеттери, негизги принциптери жана аны мектепке чейинки билим берүү уюмдарында натыйжалуу ишке ашыруунун жолдору кеңири каралды. Катышуучулар ар бир балага сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, өнүктүрүүчү жана коопсуз чөйрөнү түзүү боюнча маалыматтарды алышты. Ошондой эле практикалык мисалдар аркылуу, инклюзивдик мамилени күнүмдүк билим берүү процессине киргизүүнүн механизмдери боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү. Окутуу интерактивдүү форматта өтүп, топтук иштер, талкуулар жана практикалык тапшырмалар аркылуу катышуучулардын активдүү катышуусун камсыз кылды. Тренерлер темага чоң кызыгуу көрсөтүп, өздөрүнүн кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүп, инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу боюнча сунуштарын айтышты. Өзгөчө практикага багытталган тапшырмалар жана реалдуу кырдаалдарды талдоо катышуучулар тарабынан оң бааланды. Бул окутуу “Тренерлерди окутуу” (ToT – Training of Trainers) ыкмасынын негизинде уюштурулду.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

 

Окутуудан өткөн тренерлер мындан ары өз аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлор, усулчулар жана тарбиячылар арасында жеринде окутууларды өткөрүшөт. Алар алган билимдерин жана тажрыйбаларын бөлүшүү аркылуу инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин жайылтып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүшөт. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар өздөрүнүн аймактарында окутууларды уюштурууга даяр экендиктерин билдиришип, алынган билимдер мектепке чейинки билим берүү системасында инклюзивдик практикаларды өнүктүрүүгө жана ар бир баланын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

ТҮШТҮКТӨ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН 120 ТРЕНЕР ДАЯРДАЛУУДА

 

Нурзида Касымованын айтымында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги уюштурган “Мугалимдердин потенциалын комплекстүү өнүктүрүү аркылуу туруктуу жана инклюзивдүү өсүүнү камсыз кылуу” аталышындагы масштабдуу окутуулар мектепке чейинки билим берүүнүн жаңыланган мазмунун өздөштүрүү, заман талабына жооп берген сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү жана педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн арттыруу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер