ТҮШТҮК КОРЕЯДАН БИЛИМ АЛГЫҢ КЕЛЕБИ?
- 31.01.2019
- 0
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларына стипендиялык программа боюнча магистратурага кабыл алууну баштады.
Мамлекеттик/муниципалдык кызматкерлер жана мамлекеттик сектордун кызматкерлери үчүн «KOICA Scholarship Program 2019» программасынын алкагында Корея Республикасындагы ЖОЖдордо магистратуранын 17 эл аралык курстары пландаштырылган.
Окутуу айыл жана шаар райондорун, мамлекеттик башкарууну, айыл чарбаны, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү тармагы, ошондой эле илим жана технология чөйрөсү багытында болот. Программанын негизги талабы — англис тилин билүү, мамлекеттик/муниципалдык кызматта, мамлекеттик сектордо эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу.
Документтерди ушул жылдын 4-мартына чейин Бишкек ш., Чүй пр., 122, 304-кабинетке жөнөтүү керек. Кеңири маалымат жана өтүнмөлөрдүн формалары www.mkk.gov.kg сайтында жайгаштырылган же 620431 номуру аркылуу маалымат алса болот.
Каалоочулар үчүн маалыматтык семинар 8-февралда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өтөт.
Комментарийлер