ТӨРТ ЖЫЛДА 23 МИҢГЕ ЖАКЫН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОКУТУЛДУ

  • 28.12.2020
  • 0

Төрт жылдын ичинде Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду суроо-талапка ээ кесиптер боюнча 23 миңге жакын кыргызстандыктарды окутту.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) 2016-жылы КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен түзүлгөн.

ТӨРТ ЖЫЛДА 23 МИҢГЕ ЖАКЫН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОКУТУЛДУ

Фонддун максаты – эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле иш берүүчүлөргө кыска мөөнөттүн ичинде кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү. КӨФтүн алкагында катталган жерине байланыштырбастан, 16 жаштан 63 жашка чейинки каалоочулардын бардыгы үчүн жана иш берүүчүлөрдүн заказдары боюнча кыска мөөнөттүү курстар (1 айдан 4,5 айга чейин) уюштурулган.

КӨФ иш алып барган мезгилдин ичинде ал аркылуу өлкөнүн бардык региондорунан 22 794 адам окутулган, анын ичинде 780 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам (ДМЧА). Иш берүүчүлөрдөн курстарга карата заказдардын үлүшү 55% жана жеке изденүүчүлөр – 45% түздү. Курстарга катышуучулук 97%, ишке орношуу 75%, аялдардын гендердик курамы 47% түзөт.

ТӨРТ ЖЫЛДА 23 МИҢГЕ ЖАКЫН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОКУТУЛДУ

Бүгүнкү күндө фонд 86 билим берүү уюму менен (кесиптик лицейлер, колледждер, жеке окутуу борборлору) кызматташат, суроо-талап болгон 130 кесипке окутуу жана кайра окутуу (квалификацияны жогорулатуу) кызматтарын көрсөтөт.

КӨФтү андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 13-ноябрында № 550 токтом кабыл алынган, ага ылайык “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси түзүлдү. Уюмдаштыруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.

ТӨРТ ЖЫЛДА 23 МИҢГЕ ЖАКЫН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОКУТУЛДУ

“Кадрларды даярдоонун заказчылары жеке компаниялар жана ишканалардан тышкары мамлекеттик органдар, ассоциациялар, тармактык кеңештер, инвестициялык долбоорлор, ЖӨБ органдары ж.б. боло алат. Ар бир бизнесмен суроо-талапка ээ кесиптер боюнча окутуучу курстарды уюштуруу жана өткөрүү максатында КӨФкө кайрыла алат. Жеке жактар да бизге катталган жерине карабастан, окууга жана кайра окууга өтүнмө бере алышат. Курстар аяктагандан кийин окуу жайлар тарабынан бүтүрүүчүлөргө ээ болгон кесибин тастыктоочу тиешелүү сертификаттар берилет”, — деди КӨФтүн аткаруучу директору Рысбек Акынбеков.

ТӨРТ ЖЫЛДА 23 МИҢГЕ ЖАКЫН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ОКУТУЛДУ

Ошондой эле, КӨФ жумушсуз жарандарды жана иш менен камсыздалбаган калкты окутуу жаатында республиканын бардык региондорундагы калкты иш менен камсыз кылуу кызматтары менен тыгыз иштешери пландалууда. Кененирээк маалыматты КӨФтүн сайтынан: www.frn.kesip.kg ала аласыз.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер