“ ТҮРКСОЙ — ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН РУХАНИЙ КӨПҮРӨСҮ” ДИЛБАЯНЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 17.05.2023
  • 0

“ ТҮРКСОЙ - ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН РУХАНИЙ КӨПҮРӨСҮ” ДИЛБАЯНЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жыл башында мектеп окуучулар арасында “ ТҮРКСОЙ — түрк дүйнөсүнүн руханий көпүрөсү” деген темада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Туркия, Өзбекстан, Түркмөнстан мектеп окуучулар арасында дил баян сынагын жарыялаган. Сынакка 13 жаштан 15 жашка чейинки окуучулар катышкан. Дилбаян сынагы калыстар тобу тарабынан каралып, ар бир өлкөдөн 3 окуучу баш байге, 7 окуучу кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду. Баш байгеге 1 ноутбук, 2 планшет ыйгарылат. Баш байге жеңип алган үч окуучунун бардык каражаттарын ( авиабилет, мейманкана, тамак-аш ) ТҮРКСОЙ уюму өз мойнуна алат. Сыйлык тапшыруу аземи ТҮРКСОЙдун штаб-квартирасы Анкара шаарында өтөт. Жеңүүчүлөр үчүн Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларынын тарыхый жерлеринде экскурсия уюштурулат.

Кыргызстандан БАШ БАЙГЕ жеңип алгандар:

1 — орун- Эсенгелдиева Сезима (БАЛЫКЧЫ шаары No: 4 гимназия)
2 — орун — Кушбакова Айбийке (БИШКЕК шаары Садыков атындагы мектеп No:72)
3 — орун- Жумагазиева Канышай (БИШКЕК шаары No: 67 окуу-тарбия комплекси)

КЫЗЫКТЫРУУЧУ СЫЙЛЫК ээлери:

Шаршенова Сейил — N 21 жалпы орто мектеби, Бишкек шаары
Абдималикова Аида — N 68 гимназия мектеби, Бишкек шаары
Тухтабаева Аслинисо — N 11 мектеп-лицей, Токмок шаары
Аделя Капарбекова — Туура-Суу айылындагы Сагынтай орто мектеби, Тоң району
Аскарбеков Улукбек — У.Абдукаимов атындагы орто мектеби, Сокулук району
Алмасбекова Гулиза — С.Мурзакматов атындагы орто мектеп, Ат-Башы району, Бирлик айылы
Полобаева Айза — №4 Коксал Топтан атындагы мектеп, Кызыл-Булак айылы, Кадамжай району, Баткен облусу

Дил баян сынагы ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдык мааракесинин урматына уюштурулду. Сынакка активдүү катышкан окуучуларга, калыстар тобуна, мугалимдерге чоң ыраазычылык билдиребиз.
Мындан ары да дил баян сынактары уюштурулуп турат. Сынактын башкы максаты — улуттук маданиятты терең билүү, сыйлоо, кадырлоо, сактоо.

Р.S. Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Туркия, Түркмөнстандын жеңүүчүлөрү да социалдык медияларда, массалык маалымат каражаттарынa жарыяланат.

Бул тууралуу Түрксойдун башкы катчысы Султан Раев фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Бөлүшүү

Комментарийлер