ТҮРКСОЙ СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ТҮРКИЯГА САЯКАТЫ
- 22.09.2023
- 0
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунда “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” темасындагы мыкты дил баяндар сынагынын жана Түрк дүйнөсүнүн жаш сүрөтчүлөрүнүн эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Анкара шаарында өттү.
Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ тарабынан уюмдун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн орто мектептеринин окуучулары катышты. Сынакка жалпысынан 50 миңге жакын дил баян авторлору жана жаш сүрөтчүлөр катышып, калыстар тобу Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандан ар бир номинация жана жаш категориясы боюнча үч жеңүүчүнү тандап алды.
Жеңүүчүлөр улуттук баалуулуктар, маданият, адабият, көркөм нарк-дөөлөт жөнүндө мыкты дил баяндарды жазган.
Сынакта биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген алты мектеп окуучусу дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды. Балыкчы шаарынын №4 гимназия-мектебинин 9-классынын алдыңкы окуучусу Сезима Эсенгелдиева эл аралык конкурста биринчи орунду жеңип алып, алтын медаль жана ноутбук менен сыйланды.
Ал эми 2-орунда — Бишкектеги Сыдыков атындагы №72 мектептин окуучусу Кушбакова Айбийке, ал эми 3-орунда баш калаадагы N67 окуу-тарбия комплексинин окуучусу Жумагазиева Канышай жеңүүчү аталып, планшет менен сыйланды.
“Түрк дүйнөсү жаш сүрөтчүлөр көзү менен” деген аталыштагы эл аралык конкурста Кыргызстандан жаш сүрөтчүлөр Тимур Мусин, Тимур Сулайманов, Абдушукур Закиров жеңүүчү аталды.
Ошондой эле Түрксой эл аралык уюму жалпы түрк дүйнөсүнөн келген жеңүүчүлөргө Анкара, Стамбулдун тарыхый, маданий кооз жерлерине беш күндүк саякат уюштурду.
«Түркия мамлекети абдан кооз экен. Мага өзгөчө элинин меймандостугу жакты. Баары бизди көрүп, жакшы пейил менен учурашып жатышты»,– деди Сезима Эсенгелдиева.
«Жаш муундарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берген Түрксой уюмуна абдан ыраазыбыз. Бул жаңылыкты укканда түн убактысы эле, баарыбыз уйкубуз ачылып кетти, аябай сүйүндүк. Түркияны көрүп келгеним абдан кубанычтамын. Биринчи жолу деңизди көрдүм», – деди Айбийке Кушбакова.
Түрксойдун сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык окуучуларды Бишкекте билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков кабыл алып, окуучуларга ушундай эл аралык деңгээлдеги конкурста Кыргызстандын желегин желбиретип, атын даңазалап келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
«Бул жаңылыкты биз чоң кубаныч менен кабыл алдык. Чынында, 50 миң окуучунун ичинен алдыга озуп чыгып, алдыңкы орунду багынтуу сиздердин эмгек, чоң аракет, жашоого умтулгандыгыңардын далили болуп эсептелет. Албетте, бул жеңишке мугалимдердин, ата-энеңердин да салымы зор. Бул бир гана сиздердин жеңиш эмес, сиздер билим алган мектептин, жалпы билим берүү системасынын жеңиши. Буйруса, Мугалимдердин күнүнө мугалимдериңиздерге да ыраазычылык билдиребиз, — деди Уланбек Усеков.
Түрксойдун дил баяндар сынагынын биринчи этабын Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы өткөрдү. Бул ишке «Кут Билим» медиа борбору дагы өзүнүн маалыматтык-уюштуруучулук салымын кошту. Натыйжада дил баяндар сынагына 300дөн ашык окуучу катышып, биринчи этапта он окуучунун дил баяндары тандалып алынды. Экинчи этапта Түрксой уюму он дил баяндын ичинен эң мыкты үчөөнү тандап, жеңүүчү катары жарыялады.
Түрксойдун дил баяндар жана сүрөт сынактары эми салтка айланып, жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.
“Окуучуларга мыкты мотивация берген бул сынак ТҮРКСОЙ тарыхында биринчи жолу уюштурулду жана ал жыл сайын салтка айланмакчы. Экинчи сынак Ашхабад шаарында өтөт”,–деп билдирди Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер